Кыргызстандагы эң бай курулуш компанияларынын кожоюндары кимдер? Тизме

© Sputnik / Михаил ДудинВид на утренний Бишкек
Вид на утренний Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө жалпысынан 100дөн ашуун курулуш компаниясы бар.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкекти аралай бассаң улам жаңы үйлөрдү көрөсүң. Курулуш компаниялары өздөрү салган турак-жайды кардарларга сунуштап, айрым үйлөргө жашоочулар толуп калган кез.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги эл оозуна алынган курулуш компанияларын тизмектеп, 2018-жылдын башынан бери республикалык бюджетке ар кандай төлөмдөр аркылуу канча каражат түшүргөнүнө кызыгып көрдү.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар
Мындан тышкары, компаниялардын кожоюндары ким экенин жана канча объект курганын биле аласыз.

Ишкана ээлери жөнүндө маалымат Юстиция министрлигинин сайтынан, ал эми салык жөнүндө "Ачык бюджет" порталынан алынды. Баса, аталган сайттын ишин жөнгө салып турган "Инфо- система" мекемесинен билдиришкендей, порталга ишканалардын мамлекетке төлөгөн айрым төлөмдөрү киргизилбейт.

Ал эми курулуштардын саны боюнча маалымат ишканалардын өзүнөн жана расмий сайттарынан алынды.

"Авангард Cтиль" компаниясы

Негиздөөчүсү — Султанов Темирланбек Калыбекович. Буга чейин негиздөөчү катары Султанов Калыкбек Иманалиевич көрсөтүлгөн.
Жетекчиси — Минкеев Эрнис Ихсанович.
Бюджетке салымы — 57 495 546 сом.
Объектилери — бардыгы 50. Көпчүлүгү сатылып бүткөн. Учурда төртөө сатыкта турат.

IHLAS компаниясы

Юстиция министрлигинин сайтында IHLAS компаниясы тууралуу маалымат жок. Бирок ишкананын юридикалык дарегинде "Кыргыз каганат" жана "Арек Строй" ЖЧКлары катталган. "Кыргыз Каганаттын" негиздөөчүсү — Апсатар уулу Айжигит.
Жетекчиси — Кокоев Кайратбек Абдилбаитович.
Бюджетке салымы — 6 560 850 сом.

Ал эми "Арек Строй" компаниясын Шабданов Марлис Нарыналиевич негиздеген.
Жетекчиси — Болушев Маматбек Сабиржанович.
Бюджетке салымы — 576 637 сом.
IHLAS компаниясы менен байланышканыбызда, жетекчиси Кайратбек Кокоев, негиздөөчүсү Нурбек Осмонов экенин айтышты.
Объектилери — расмий сайтында 15 курулуш көрсөтүлгөн. Алтоо сатыкта.

"KG-Групп" компаниясы

Негиздөөчүсү жана жетекчиси — Ташов Имамидин Асамидинович.
Бюджетке салымы — 10 819 сом.
Объектилери — бардыгы 14, анын ичинен төртөө колдонууга берилген.

Компаниянын расмий сайтында лицензия "Озтопрак" ишканасынын атына алынганы көрсөтүлгөн. Негиздөөчүсү — Сайпжамал Абдукаймова, жетекчиси —  Имамидин Ташов.
Бюджетке салымы  — 2 402 965 сом. 

"Памир Строй" компаниясы

Негиздөөчүлөрү — Махмудов Махаммад Абдуллаевич, Махмудов Ахмад Абдуллаевич, Махмудов Орхан Абдуллаевич, Махмудов Бахтияр Бахрамович.
Жетекчиси — Махмудов Махаммад Абдуллаевич.
Бюджетке салымы — 5 802 569 сом.
Объектилери — бардыгы 10, алтоо колдонууга берилген.

Elite House компаниясы

Негиздөөчүлөрү — Файзиев Тимур Азаматович, Маханов Александр Сергеевич, Шабазов Бахридин Валиевич.
Жетекчиси — Файзиев Тимур Азаматович.
Бюджетке салымы — 6 933 061 сом.
Объектилери — жалпы 9, төртөө колдонууга берилген.

"Елизавета" компаниясы

Негиздөөчүлөрү — Суракматов Айдар Азизович, Суракматова Гүлбара Эмильбековна.
Жетекчиси — Тынымсеитова Нуржан Мырзагуловна.
Бюджетке салымы — 264 832 сом.
Объектилери — жалпы 9, сегизи сатыкка чыгарылган.

"Аалам строй" компаниясы

Негиздөөчүсү — Карасартов Жээнбек Самудунович.
Жектечиси — Бекболот Мукашов.
Бюджетке салымы — 1 171 671 сом.
Объектилери — 8, төртөө сатыкта.

"Имарат Строй" компаниясы

Негиздөөчүсү — Иманалиев Бейшенбек Султанович.
Жетекчиси — Иманалиев Даниярбек Бейшенбекович.
Бюджетке салымы — 7 846 932 сом. 
Объектилери — расмий сайтында 8 курулуш көрсөтүлгөн.

"Эмарк Строй" компаниясы

Юстиция министрлигинин сайтында мындай ат менен эки компания катталган. Биринчиси — "ЭМАРК Групп" ЖЧКсы, негиздөөчүсү — Акматов Чолпонбек Курманбекович менен Турпанов Рахатбек Түгөлбекович.
Жетекчиси — Акматов Чолпонбек Курманбекович.
Бюджетке салымы — 6 834 279 сом.

Экинчиси — "ЭМАРК Курулуш". Негиздөөчүлөрү — Оторбаева Сатынбүбү жана Акматов Чолпонбек Курманбекович.
Жетекчиси — Акматов Чолпонбек Курманбекович.
Бюджетке салымы — 10 746 607 сом.
Объектилери — бардыгы 7, алтоо сатыкта.

TS Group компаниясы

Негиздөөчүсү жана жетекчиси — Тиленов Алмаз Иманкулович.
Бюджетке салымы — 258 936 сом.
Объектилери — бардыгы 7, бирөө сатыкта, үчөө колдонууга берилүү алдында турат.

"Толман Строй" компаниясы

Негиздөөчүсү жана жетекчиси — Акимов Нурланбек Кубанычбекович.
Бюджетке салымы — 329 183 сом.
Объектилери — жалпы 6, беши сатыкка чыккан.

"Кап Строй Кей Джи" компаниясы

Негиздөөчүлөрү — Бердикулов Алмазбек Жолчубаевич, Атакозиев Чынарбек Жаныбекович, Козубаев Манас Исманович.
Жетекчиси — Козубаев Манас Исманович.
Бюджетке салымы — 221 551 сом.
Объектилери — бардыгы 6, экөө колдонууга берилген.

D-Center компаниясы

Негиздөөчүлөрү — Орозбаков Шабданбек Тынайбекович, Урбай уулу Бекболот, Исмаилова Элиза Курсановна.
Жетекчиси — Раимкулов Арсен Бейшенбекович.
Бюджетке салымы — 1 059 018 сом.
Объектилери — расмий сайтында беш объект көрсөтүлгөн. Бардыгы сатыкта.

Borsan Construction компаниясы

Негиздөөчүлөрү — Суран уулу Мелис жана BORKONUT INSAAT SANAYI VE TICARET ишканасы.
Жетекчиси — Ажиев Нурлан Болотович.
Салык — 2 077 809 сом
Бардыгы — 5 курулуштун төртөө колдонууга берилген.

"Гарант Стиль" компаниясы

Министрликтин сайтында эки ишкана тууралуу маалымат бар. Алар "Гарант Стиль Курулуш" жана "Гарант Стиль" ЖЧКлары. Экөөнүн тең негиздөөчүсү жана жетекчиси — Кая Зекерия аттуу адам. "Гарант Стиль" жыл башынан бери бюджетке 55 000 миң сом төлөгөн. Экинчи компаниянын салыгы тууралуу маалымат жок.
Объектилери — жалпы 5 курулушу бар. Алардын ичинен үчөө сатылган.

"Илтег Строй" компаниясы

Негиздөөчүсү — Осмонкулова Айжан Шаршеновна.
Жетекчиси — Шаяхметов Азат Нургалиевич.
Бюджетке салымы — 161 791 сом.
Объектилери — жалпы 3, бири сатыкта.

"Дианур строй" компаниясы

"Дианур" деген аталыштагы эки ишкана бар. Алгачкысы "Дианур — строй" ЖЧКсы, негиздөөчүлөрү — Тороева Гүлназ Маматысаевна менен Алахунов Аманжан Абылкасымович.
Жетекчиси — Турсунгазиев Бекболот Байсетинович.
Бюджетке салымы — 11 411 860 сом.

Экинчиси — "Дианур плюс", анын негиздөөчүсү менен жетекчиси — Ибраев Эдильбек Бактыбекович.
Бюджетке салымы — 38 230 сом.
Объектилери — 3 курулушунун бири колдонууга берилген.

"Хан компани" компаниясы

Негиздөөчүлөрү — Абдыкалыков Дамирбек Маматсадыкович, Эркемурат уулу Тимур.
Жетекчиси — Эркемурат уулу Тимур.
Бюджетке салымы — 160 814 сом.
Объектилери — бардыгы 3, экөө сатыкта.

"Архстройгрупп" компаниясы

Негиздөөчүсү жана жетекчиси — Мамбетов Курманбек Аманович.
Бюджетке салымы — 7 000 сом.
Объектилери — эки курулушу бар, экөө тең сатылып кеткен.

"Залкар Строй" компаниясы

Бул аталыш менен эки компания каттоодон өткөн. Биринчиси — "ЗАЛКАР СТРОЙ ИНЖИНИРИНГ" ЖЧКсы, негиздөөчүлөрү — Бокушов Мирлан Нурбекович менен Дунканаев Нурлан Нуржанович.
Жетекчиси — Дунканаев Нурлан Нуржанович.
Бюджетке салымы — 65 018 сом.

Экинчиси — "Залкар Строй Капитал". Негиздөөчүсү — "Нефтеразведочная компания Чжуннен" ЖЧКсы.
Жектекчиси — Янь Хуа.
Бюджетке салымы — 100 сом.
Объектилери — эки, бири сатыкка коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0