Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековВелосипедчен шаар туругуну. Архив
Велосипедчен шаар туругуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө 2…7, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 6…11, Ысык-Көлдө 1…6 градус жылуу болсо, Нарында күн 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыйт.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 7…11 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0