Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Кыргызского Национального драматического театра в Бишкеке
Здание Кыргызского Национального драматического театра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ущелье Сокулук (Белогорка) - Sputnik Кыргызстан
Төрт тарабың — кыбыла. Бишкектин айланасындагы 10 керемет жер
Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 32…37 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 34…39 градус, Ысык-Көл менен Нарында 28…33 градус ысык болот.

Ал эми Ош менен Бишкек шаарларында аба ырайы 37 градуска ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0