Төрт тарабың — кыбыла. Бишкектин айланасындагы 10 керемет жер

© Sputnik / Геннадий ЗакировУщелье Сокулук (Белогорка)
Ущелье Сокулук (Белогорка) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизге ажайып бир өлкө буюрган — кадам аттасак тоодобуз. Унааңызды жолго даярдап, жакындарыңызды жаныңызга алып, жаңы бийиктиктерди багынтууга багыт алыңыз.

Sputnik Кыргызстан Бишкектен 100 чакырымдан ашпаган аралыкта жайгашкан кооз жана толгон токой кызыгы бар 10 жер жөнүндө маалымат жыйнады. 

© Sputnik / Александр ФедоровБашня Бурана в Чуйской области
Башня Бурана в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Башня Бурана в Чуйской области

1. Бурана мунарасы

Кантип жетүүгө болот: Токмокко алпарчу жолдо жайгашкан. "Гавайи" кафесинен 6 чакырым өткөн соң алдыңыздан эки айрылыш жолдон оңго буруласыз. Токмок ипподромунан кийинки 10 чакырым аралыкта Бурана айылына туш болосуз. Мунара ошол айылда. Асфальтталган болсо да жолу абдан талкаланган.

Эмне кызыктар бар? Мунара бышкан кыштан тургузулган, түбү жана тышкы боору оймолонуп-чиймеленген. Ичинде жогору карай буралган тепкичтер бар, аны менен чыгуу бир аз ыңгайсыз, бирок үстүнө чыкканда көз алдыга тартылган ак карлуу аскалар жана жашыл шалбаалар көздүн жоосун алып, кыйналганыңызды унутуп каласыз. Бурананын айланасында үч күмбөз, чакан музей жана "80 балбал таш бакчасы" бар. Бул таш эстеликтер Чүй облусундагы байыркы түрк бейиттеринен табылган. Комплекс чакан, бир саатта кыдырып чыга аласыз. 

2. "Ала-Арча" жаратылыш паркы

Кантип жетүүгө болот: калаадан 41 чакырым ыраак жайгашкан, унаа менен барсаңыз 40 мүнөттүк убактыңызды алат. Байтик айылы тарапка бет алып, андан өткөндөн кийин алгачкы бурулуштан сол тарапка буруласыз. Өтмөк пунктуна жеткен соң, альпинисттик конушка чейин дагы 12 чакырым жол жүрөсүз.

Эмне кызыктар бар: альпконушка бараткан жолдо шам-шум этип алышка чакан кафе бар. Тоо койнунда орнотулган боз үйлөр бул жайга улуттук көрк кошуп турат. Сейилдөөчүлөрдүн ыңгайы үчүн парктын аймагында жол белгилери жана багыттардын картасы илинген. Алардын жалпы саны 150дөй, дасыккандарга да, бийиктерди багынтууга жаңы багыт алгандар да аларды аңдай билет. Жүрүш үчүн адатта эки багытты тандашат: биринчи жол тилкеси Ак-Сай шаркыратмасына жана Рацек алачыгына алпарса, экинчиси Адыгине өрөөнүнө чыгат. Ал жерде альпинисттер бейити да жайгашкан. Дасыккан жүрүшчүлөр Семенов Тянь-Шань (4875 м), Чыңгыз Айтматов (4650) жана алты азуулуу Таажы чокуларына чейин бара алышат. Кайда барбаңыз, көз жоосун алган кооздук тартылат. Капчыгайлардын эңкейиши арча, бадал жана түркүн гүл жамынат. Алдыңыздан суур, коен, тоо эчкилери жана эликтер чыкса, чочубаңыз. 

 

3. Чуңкурчак капчыгайы

Кантип жетүүгө болот: Бишкектен 45 чакырым ыраак. Шабдан баатыр проспектиси менен өйдө карай Арашан (мурдагы Стрельникова совхозу) айылына кирип, Татыр айылына чейин айдаңыз. Серпантинге (кыйма-чийме жолго) жете бербей оң жактан эс алуу базасына карай бурулсаңыз, капчыгайга чыгасыз.

Эмне кызыктар бар: капчыгайдын аймагында улуттук биокорук жайгашкан. Жазында ал кичи Голландияга айланат. Дал ушул жерде бийиктиги 17 сантиметрге жеткен падыша жоогазыны өсөт. Бул жерде жоогазын абдан көп, ошол маалда бул жерге аяк бассаңыз кызыл-тазыл талаага туш болосуз. Капчыгайда бийиктиги 40 метрлик Көгүчкөн шаркыратмасы бар. Экстремалдык туризмдин тарапташтары мындагы тырмана чыгууга жарай турган тик аскаларды баалабай кое албайт. Капчыгайда Чуңкурчак лыжа базасы да иштейт. 

© Sputnik / Геннадий ЗакировУщелье Сокулук (Белогорка)
Ущелье Сокулук (Белогорка) - Sputnik Кыргызстан
Ущелье Сокулук (Белогорка)

4. Сокулук (Белогорка) капчыгайы

Кантип жетүүгө болот: Бишкектен 80 чакырым алыс. Капчыгайга жетүү үчүн Сокулук айылына чейин барып, чиркөөнүн жанынан тоо тарапка имерилесиз. Капчыгайга чейинки жол 1,5 саат убакытты алат.

Эмне кызыктар бар: жолдон дарбыз, коон жана кымыз сатып алсаңыз болот. Капчыгайда бадал, долоно, кожогат, түркүн гүл жыш өсөт, бүтүндөй гүлзар талааларын көрө аласыз. Тилке жол туристтер тарабынан тапталып бүткөн, андыктан, адашпайсыз. Белогоркада эң чоң шаркыратмалардын бири жайгашкан, бийиктиги – 60 метр. Аскадан түшкөн суу жерге жетпей, чачырап, суу булутун жараткандай. Жанында аябагандай суук, бирок ага карабай, туристтер анын түбүндө пикник уюштурушат. Шаркыратма жолунда Кара Кремль (4000 м) чокусу ажайып көрүнөт десеңиз!.. 

© Sputnik / Геннадий ЗакировПятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие
Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан
Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие

5. Ысык-Ата капчыгайы

Кантип жетүүгө болот: Бишкектен 77 чакырым ыраак жайгашкан. Жол Кызыл Арык жана Красный Восток (Кызыл Чыгыш) айылдары аркылуу өтөт.

Эмне кызыктар бар: ар тарабынан тоолор менен курчалган капчыгай. Ал эми түбү дайра өзөндөрү менен толукталат. Ысык-Атанын өрүшүнө карай жолдо үч тоо көлү жана бир нече шаркыратмалар жайгашкан. Бирок баарынан мурун капчыгай геотермалдык жана арашан булактары менен таанымал. Алардын дарылык касиеттери тууралуу уламыштар да айтылат.

Бул жерде көп ооруларга даба болчу сууну пайдаланган белгилүү курорт иштейт. Суунун керемет касиетин байыркы заманда эле билишчү өңдөнөт, буга ташка чегилген Будда-дарыгердин элеси далил. 

© Sputnik / Геннадий ЗакировУщелье Кегети в 75 километрах от Бишкека
Ущелье Кегети в 75 километрах от Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Ущелье Кегети в 75 километрах от Бишкека

6. Кегети капчыгайы

Кантип жетүүгө болот: Бишкектен 75 чакырым ыраак жайгашкан. Токмок тарапка жол аласыз. Ивановкада базардан кийинки кесилиштен оңго буруп, Рот-Фронт айылына чейин айдайсыз. Айылдын этегинде оңго бурулуш бар, андан тоо тарапка багыт аласыз. 1,5 саатка жакын жол.

Эмне кызыктар бар: капчыгай кооз табияты жана 20 метрлик шаркыратмасы менен туристтерди өзүнө тартып турат. Акиташтуу тектирден төмөн агат. Жолго жакын жайгашышы туристтер үчүн ыңгайлуу.

Шаркыратмадан бир аз өтпөй мейман күткөн боз үйлөр тигилген, анда бир аз дем алып, айран ичсеңиз да болот. Баса, Кегетиде көпчүлүк ат минүүнү туура көрөт, себеби ат үстүндө жүрүштүн кызыгы ансайын артат. Капчыгайды көп сүт эмүүчүлөр, куштардын бир канча түрү байырлайт. Арасында ылаачын, бүркүт, шумкар сыяктуу жырткычтары да кездешет. Капчыгайдагы Бел-Саз жайлоосунда кымыз менен ден соолукту чыңдоочу жай бар. Анда таңдайда калчу даамы бар кымыздан гана ичпестен, атка минип, түнөп да кала аласыз. 

© Sputnik / Влад УшаковУщелье Кель-Тор
Ущелье Кель-Тор - Sputnik Кыргызстан
Ущелье Кель-Тор

7. Көл-Төр капчыгайы

Кантип жетүүгө болот: Кегети шаркыратмасынын тегерегинде. Жолдун айрылышынан солго буруласыз.

Эмне кызыктар бар: капчыгайдын жогору жагында жашыл (көгүлтүр түстүү) көл бар. Андан үч чакырым ары жактан агындыларды, Көл-Төр жана Анастасия ири мөңгүлөрүн да көрүүгө болот. Капчыгайдын өзүн карагай токой жана четин менен арча каптаган. Көптөгөн өсүмдүктөр арасында сейрек жана шыпаасы керемет дары чөптөр да кездешет. Тоо боорунда кызылгат, кожогат, кара моюл өсөт. 

© Sputnik / Геннадий ЗакировУщелье Кашка-Суу в Чуйской области
Ущелье Кашка-Суу в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Ущелье Кашка-Суу в Чуйской области

8. Кашка-Суу капчыгайы

Кантип жетүүгө болот: Бишкектен 30 гана чакырым алыс жакта. Байтик айылы аркылуу жол өтөт.

Укмуш кооз экен, кеттик!  Жалал-Абаддагы эс алуучу мыкты делген  10 жай - Sputnik Кыргызстан
Укмуш кооз экен, кеттик! Жалал-Абаддагы эс алуучу мыкты делген 10 жай
Эмне кызыктар бар: жылдын кайсы убагы болбосун, бул жер көркөмдүүлүгүнөн жазбайт. Жайында капчыгайдын боору – гүлзарга, түздүгү – катар-катар боз үй тигилип, кымыз менен ден соолукту чыңдоо конушуна айланат. Кышында ушундай эле аталыштагы лыжа базасы иштеп, ага спорттун кышкы түрлөрүн жактыргандар жана шаардын ызы-чуусунан жадагандар агылат. Эң жакшысы – капчыгайга асма жолу аркылуу да суктана аласыз. Жайында ар ишемби жана жекшемби күндөрү иштейт. 

9. Бир-Булак капчыгайы (Малиналуу)

Кантип жетүүгө болот: борбор калаадан 45 чакырым аралыкта. Таш-Дөбө айылындагы ден соолукту чыңдоо жана сакайтуу борбору аркылуу өтөсүз. Ага Бир-Булак айылы кошулат, ал аркылуу аты окшош дайра агат. Анын агымы менен өрүшкө карай бир жарым чакырым аралыкка көтөрүлсөңүз аталган капчыгайга туш келесиз.

Эмне кызыктар бар: дан куурай жыш өскөндүктөн, жергиликтүүлөр Малиналуу айыл деп да аташат. Саратанда бир чумкуй сергип алууга да болгон үч шаркыратма бар. Капчыгай дарылык касиети бар чөптөргө бай — жалбыз, жапалак көкөмерен, жут, карандыз көп өсөт.

10. Аламүдүн капчыгайы

Кантип жетүүгө болот: шаардан алыс эмес – болгону 35 чакырымдык жол. Шабдан баатыр көчөсү менен бир саатча жол жүрөсүз.

Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот
Эмне кызыктар бар: капчыгай түркүн түстүү табияты менен гана эмес, "Жылуу булак" санаторийи менен да эс алуучулардын көңүлүн ээлейт. Санаторий аймагында табигый булактар бар. Алар капчыгайдын көркү, ошондой эле дарылык касиети менен элге белгилүү. Санаторий жайы-кышы ден соолукту чыңдоо жана сакайтуу процедураларынын кеңири түрүн сунуштайт. Эс алуучулар ат минип, кымыз татып, жергиликтүү кафеде улуттук даам сыза алышат. Бул борбордун артынан укмуштай кооз тоолуу капчыгайды көрөсүз. Анда ар тарабыңыздан шаркыратма, арчалуу, кайыңдуу токой коштосо, алдыңыздан мөмө-жемиш, козу карын жайнай чыгат, өйдө карасаңыз – мөңгүлөр жана Усеченко чокусу (4650 метр). Шаркыратма "Жылуу булактан" өйдөрөөк, 5 чакырым ыраак жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0