БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда аналогдук теле берүү өчүрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин жарандарга эскертүүлөр берилип келген.
Аналогдук теле берүүлөр өчүрүлгөнү менен жарандар санарип аркылуу каналдарды көрө алышат. Учурда социалдык пакетте 13 мамлекеттик канал бар. Мындан сырткары, жеке каналдар дагы өз кызматын улантууда.
Ошентип Бишкек шаарында санарип аркылуу 54, Ошто 30дан ашуун канал көрсөтүүдө.