Жума күнгө карата аба ырайы

Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кыргызстандагы табигый кырсыктар каттала турган кооптуу аймактар. Карта - Sputnik Кыргызстан
Табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлер
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында күндүз +14…+18 градуска чейин жылыса, Ош шаарында 16 градуска чейин жылуу болот.

Чүй өрөөнүндө +14…+19, Таласта +12…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +13…+18 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө +6…+11 болсо, Нарында +2…+7 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0