Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү республиканын айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жааса, калган аймактарда эртең менен жана кечинде жаан жаашы күтүлөт.

"Бишкек жана Ош шаарларында күн 18 градуска чейин жылыйт", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Чүй өрөөнүндө 13…18, Таласта 12…17 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында 15…20 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда 7…12 градус жылуу болсо, Нарында күндүн табы 8 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0