Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов алгачкы ирет Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келди.
Түркмөн лидеринин эки күндүк мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташуу жаатында бир катар макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө. Бурдымухамедов Кыргызстанга 5-август күнү келди.