https://sputnik.kg/20261124/kushner-ukraina-rossiya-evropa-zhyjyntyk-1105080125.html
Кушнер Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн "башкы байгесин" атады
Кушнер Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн "башкы байгесин" атады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Жаред Кушнер Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы Россия менен Европанын ортосундагы... 24.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-24T09:59+0600
2026-11-24T09:59+0600
2026-11-24T10:04+0600
дүйнөдө
украина
россия
европа
жаред кушнер
саясат
мамиле
диалог
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0d/1104869387_0:113:3071:1840_1920x0_80_0_0_22ae3b68ff8363b56af796bcb70eba72.jpg
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Жаред Кушнер Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы Россия менен Европанын ортосундагы “жаңы” мамилелер болушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн эң башкы жемиши катары Украинадагы ок атышууну токтотууну эмес, Россия менен Европанын ортосунда чыңалуусу жана агрессиясы жок мамилеге жетишүүнү кароо керек.Эске салсак, 12-ноябрда Путин Кремлде АКШнын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнерди кабыл алган. Жолугушуудан кийин Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Европа Украина боюнча сүйлөшүүлөргө кошулуудан мурун согушту же тынчтыкты каалаарын так аныктап алышы керектигин айтып, Европанын азыркы аракеттери жаңжалды улантууга багытталганын белгилеген.Кийинчерээк Путин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Россия Европанын сүйлөшүүгө кандай сунуштар менен келерин билиши керектигин айтып, аларды Москвага чакырганын билдирген. Германиянын канцлери Фридрих Мерц сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок жолугушууну бейтарап өлкөдө өткөрүүнү сунуштаган.Ал эми өткөн дүйшөмбүдө Еврокомиссиянын өкүлү Паула Пиньо европалыктар Москвага чакырылганын ырастап, бирок Европа сүйлөшүүлөрдү көп тараптуу форматта өткөрүүнү көздөп жатканын маалымдады.
https://sputnik.kg/20261123/kunsher-aksh-rossi-nato-kepildik-1105059675.html
украина
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0d/1104869387_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_473eb44a730430f94f604664a7f7cd16.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, европа, жаред кушнер, саясат, мамиле, диалог
дүйнөдө, украина, россия, европа, жаред кушнер, саясат, мамиле, диалог
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Жаред Кушнер Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы Россия менен Европанын ортосундагы “жаңы” мамилелер болушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн эң башкы жемиши катары Украинадагы ок атышууну токтотууну эмес, Россия менен Европанын ортосунда чыңалуусу жана агрессиясы жок мамилеге жетишүүнү кароо керек.
Эске салсак, 12-ноябрда Путин Кремлде АКШнын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнерди кабыл алган. Жолугушуудан кийин Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Европа Украина боюнча сүйлөшүүлөргө кошулуудан мурун согушту же тынчтыкты каалаарын так аныктап алышы керектигин айтып, Европанын азыркы аракеттери жаңжалды улантууга багытталганын белгилеген.
Кийинчерээк Путин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Россия Европанын сүйлөшүүгө кандай сунуштар менен келерин билиши керектигин айтып, аларды Москвага чакырганын билдирген. Германиянын канцлери Фридрих Мерц сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок жолугушууну бейтарап өлкөдө өткөрүүнү сунуштаган.
Ал эми өткөн дүйшөмбүдө Еврокомиссиянын өкүлү Паула Пиньо европалыктар Москвага чакырылганын ырастап, бирок Европа сүйлөшүүлөрдү көп тараптуу форматта өткөрүүнү көздөп жатканын маалымдады.