https://sputnik.kg/20261104/rossiya-boyuncha-batyshta-3-pikir-1104700156.html
FT: Россия менен кепке келүү жаатында Батыш үч лагерге бөлүнүп калды
FT: Россия менен кепке келүү жаатында Батыш үч лагерге бөлүнүп калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маселесинде Батыш өлкөлөрү үч башка лагерге бөлүнүп калды. Бул тууралуу британиялык баяндамачы... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T10:17+0600
2026-11-04T10:17+0600
2026-11-04T10:17+0600
дүйнөдө
акш
россия
европа
украина
сүйлөшүү
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/07/1089273801_134:446:2983:2048_1920x0_80_0_0_213b4e2b916847d33d8dd60ad69bdea1.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маселесинде Батыш өлкөлөрү үч башка лагерге бөлүнүп калды. Бул тууралуу британиялык баяндамачы Гидеон Рахман The Financial Times басылмасына жазган макаласында билдирди. Анда айтылгандай, учурда Батышта Россия менен болгон мамилеге карата түп-тамырынан айырмаланган үч көз караш калыптанды. Ошол эле учурда Рахман бул үч позициянын тең аксаган жактары бар экенин айтты. "Украинада тынчтык орносо эң сонун жыйынтык болмок. Бирок ага жакын арада жетүү мүмкүн эмес окшойт", — деп жыйынтыкталды макала. Эске салсак, буга чейин Россия президенти Владимир Путин Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үч тараптуу форматта жандантууга даяр экенин билдирген. Анын айтымында, мындай сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты — Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулоо. Путин бул маселени карап жатканда жалпы Европанын коопсуздугун да эске алуу зарылдыгын баса белгилеген.
https://sputnik.kg/20261103/atyshuunu-toktotuu-chakyryktary-kiyevdi-es-aldyruunu-kozdoyt-1104691212.html
акш
европа
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/07/1089273801_507:385:2725:2048_1920x0_80_0_0_23eb3cda33f1c7c90b702a445a8f91ec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, европа, украина, сүйлөшүү
дүйнөдө, акш, россия, европа, украина, сүйлөшүү
FT: Россия менен кепке келүү жаатында Батыш үч лагерге бөлүнүп калды
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маселесинде Батыш өлкөлөрү үч башка лагерге бөлүнүп калды. Бул тууралуу британиялык баяндамачы Гидеон Рахман
The Financial Times басылмасына жазган макаласында билдирди.
Анда айтылгандай, учурда Батышта Россия менен болгон мамилеге карата түп-тамырынан айырмаланган үч көз караш калыптанды.
"Биринчиси — АКШ өкүлдөрү Стивен Уиткофф менен Жаред Кушнер аркылуу сүйлөшүүлөрдү жактагандар. Экинчи тарап — Финляндиянын президенти Александр Стубб менен Норвегиянын премьер-министри Юнас Гар Стерени сунуштагандар. Үчүнчү көз караш — Россия менен сүйлөшүү пайдасыз дегендер. Бул позицияны Польша жана Балтика өлкөлөрү колдоп жатышат", — деп жазды автор.
Ошол эле учурда Рахман бул үч позициянын тең аксаган жактары бар экенин айтты.
"Украинада тынчтык орносо эң сонун жыйынтык болмок. Бирок ага жакын арада жетүү мүмкүн эмес окшойт", — деп жыйынтыкталды макала.
Эске салсак, буга чейин Россия президенти Владимир Путин Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үч тараптуу форматта жандантууга даяр экенин билдирген. Анын айтымында, мындай сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты — Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулоо. Путин бул маселени карап жатканда жалпы Европанын коопсуздугун да эске алуу зарылдыгын баса белгилеген.