Кыргызстандык студенттер Москвадагы Эл аралык космос оюндарында өзгөчөлөнүштү
Кыргызстандык студенттер Москвадагы Эл аралык космос оюндарында өзгөчөлөнүштү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы Москвада 26-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөн Эл аралык... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T14:03+0600
2026-11-02T14:03+0600
2026-11-02T14:03+0600
кыргызстан
россия
москва
сынак
космос
раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы Москвада 26-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөн Эл аралык космос оюндарынан олжолуу кайтты. Биринчи жолу өтүп жаткан мелдешке Кыргызстан, Россия, Кытай, Индия, Казакстан, Мексика, Пакистан жана Өзбекстандан 250дөн ашуун студент катышкан. Иш-чара "Сколково" инновациялык борборунда өтүп, катышуучулар атайын жабдылган "Марс станцияларында" космостук миссиясын "аткарышты". Сынак Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинде жайгашкан Учууларды башкаруу борбору менен иштешкен автономдуу космостук экпедицияга жакындатылган шартта өттү. Кыргызстандык студенттер кытайлык катышуучулар менен "Ангара" станциясында иштеп, энергия менен камсыздоо жана байланышка жооп беришкен. Марста жүрүүчү унааларды башкарып, илимий эксперименттерди жүргүзүштү. Мындан тышкары, КМТУ командасы иштеп чыккан моделдик эксперимент миссиянын илимий программасына кирип, Индия менен Казакстандын экипаждары тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылган. Окуу жайдын өкүлдөрү эл аралык калыстар тобунун курамында да болду. Университеттин лабораториясы бир жума бою сынакка катышкан командага аралыктан техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүп жатты. Натыйжада Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен командасы "Мыкты медиа адистери" номинациясында сыйлыкка ээ болду. Кыргызстандык экипаждын курамына Самара Хабибуллаева, Нурлыбек Ороз, Эрназар Жоробеков, Мавланхан Бахаутдинов жана Адил Бейшенбеков кирди. КМТУ делегациясы эл аралык иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин колдоосу менен катышканы айтылды.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы Москвада 26-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөн Эл аралык космос оюндарынан олжолуу кайтты.
Биринчи жолу өтүп жаткан мелдешке Кыргызстан, Россия, Кытай, Индия, Казакстан, Мексика, Пакистан жана Өзбекстандан 250дөн ашуун студент катышкан.
Университеттин лабораториясы бир жума бою сынакка катышкан командага аралыктан техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүп жатты
Иш-чара "Сколково" инновациялык борборунда өтүп, катышуучулар атайын жабдылган "Марс станцияларында" космостук миссиясын "аткарышты". Сынак Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинде жайгашкан Учууларды башкаруу борбору менен иштешкен автономдуу космостук экпедицияга жакындатылган шартта өттү.
Кыргызстандык студенттер кытайлык катышуучулар менен "Ангара" станциясында иштеп, энергия менен камсыздоо жана байланышка жооп беришкен. Марста жүрүүчү унааларды башкарып, илимий эксперименттерди жүргүзүштү.
Мындан тышкары, КМТУ командасы иштеп чыккан моделдик эксперимент миссиянын илимий программасына кирип, Индия менен Казакстандын экипаждары тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылган.
Окуу жайдын өкүлдөрү эл аралык калыстар тобунун курамында да болду. Университеттин лабораториясы бир жума бою сынакка катышкан командага аралыктан техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүп жатты.
Натыйжада Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен командасы "Мыкты медиа адистери" номинациясында сыйлыкка ээ болду.
Кыргызстандык экипаждын курамына Самара Хабибуллаева, Нурлыбек Ороз, Эрназар Жоробеков, Мавланхан Бахаутдинов жана Адил Бейшенбеков кирди.
КМТУ делегациясы эл аралык иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин колдоосу менен катышканы айтылды.