https://sputnik.kg/20261102/aksh-rossiya-gazy-ukraina-arkyluu-1104660767.html
АКШ Россия газынын Европага Украина аркылуу сатылышын жактап жатат
АКШ Россия газынын Европага Украина аркылуу сатылышын жактап жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШ Россия газын Украинанын аймагы аркылуу Европага жеткирүүнү кайра жандантуу ниетинде. Бул тууралуу америкалык ЖМКларга шилтеме... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T12:53+0600
2026-11-02T12:53+0600
2026-11-02T12:53+0600
дүйнөдө
акш
россия
украина
европа
газ
кыш
https://sputnik.kg/img/07e6/05/14/1064549372_0:17:3173:1802_1920x0_80_0_0_15bbc9c8f3b2c2e0622acc31608864ed.jpg
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШ Россия газын Украинанын аймагы аркылуу Европага жеткирүүнү кайра жандантуу ниетинде. Бул тууралуу америкалык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. https://ria.ru/20261102/gaz-2128527122.html Басылманын маалыматы боюнча, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер сентябрь айында Москвага жана Киевге жасаган сапарлары учурунда ушундай сунуш киргизишкен. Бул схема Россия газын Американы ортомчу кылып сатууга багытталган. Ал европалык санкцияларды айланып өтүүнү жана АКШнын инвесторлору үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүүнү шарттайт. Биржалык маалыматтарга таянсак, Евробиримдикте газ жыл башынан бери 3,6 эсе кымбаттап, дүйнөлүк базардагы эң кымбат товар болуп калды. Жума күнү анын баасы 2022-жылдын декабрынан бери биринчи жолу миң кубометри үчүн 1 200 доллардан ашты. Буга Жакынкы Чыгыштагы согуштар гана эмес, Евробиримдиктин орус газынан акырындап баш тартуу чечими да таасир этүүдө.
https://sputnik.kg/20261027/putin-evropa-rossiyanyn-gazy-1104549460.html
акш
украина
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/14/1064549372_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_3c909ba28772d1d2208b364b0b3ba7b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, европа, газ, кыш
дүйнөдө, акш, россия, украина, европа, газ, кыш
АКШ Россия газынын Европага Украина аркылуу сатылышын жактап жатат
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШ Россия газын Украинанын аймагы аркылуу Европага жеткирүүнү кайра жандантуу ниетинде. Бул тууралуу америкалык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. https://ria.ru/20261102/gaz-2128527122.html
"Бул — кышты утурлай энергетика жаатында бир пикирге келүү боюнча сүйлөшүү процессинин бир бөлүгү", — деп айтылат макалада.
Басылманын маалыматы боюнча, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер сентябрь айында Москвага жана Киевге жасаган сапарлары учурунда ушундай сунуш киргизишкен. Бул схема Россия газын Американы ортомчу кылып сатууга багытталган. Ал европалык санкцияларды айланып өтүүнү жана АКШнын инвесторлору үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүүнү шарттайт.
Биржалык маалыматтарга таянсак, Евробиримдикте газ жыл башынан бери 3,6 эсе кымбаттап, дүйнөлүк базардагы эң кымбат товар болуп калды. Жума күнү анын баасы 2022-жылдын декабрынан бери биринчи жолу миң кубометри үчүн 1 200 доллардан ашты. Буга Жакынкы Чыгыштагы согуштар гана эмес, Евробиримдиктин орус газынан акырындап баш тартуу чечими да таасир этүүдө.