00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Карлсон жакын арада Трамп Иранга өзөктүк сокку урушу мүмкүн экенин айтты

© AP Photo / Richard DrewАмерикалык журналист Такер Карлсон. Архив
Америкалык журналист Такер Карлсон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жакында АКШ бийлиги Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун катуу басымынан улам Иранга өзөктүк сокку урушу мүмкүн. Бул тууралуу белгилүү америкалык журналист Такер Карлсон өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Журналист бул нерсе жакынкы күндөрү эле болушу ыктымал экенин эскертти.
Карлсондун маалыматы боюнча, Израилдин чалгын кызматы Иран өкмөтү өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Пикакс тоосунда уран байытуу программасын кайра жандантканын билдирүүдө. Аталган жай тоонун ичинде, болжол менен 90 метр калыңдыктагы гранит тектеринин астында жайгашкандыктан, америкалык арсеналдагы кадимки куралдар бул тоннелдерди талкалай албайт.
Дал ушул себептен улам Израиль премьери Биньямин Нетаньяху АКШдан өзөктүк курал колдонууну талыкпай талап кылып жатканы айтылууда.
Эгер Америка Иранга каршы өзөктүк сокку урса, бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң кооптуу учур болуп калмакчы. Карлсон ошондой эле Россия буга чейин эле кеминде эки өлкөнүн өкмөтүнө эскертүү берип, эгер АКШ Иранга мындай сокку урса, Россия да Украинага каршы өзөктүк курал колдонуусуна жол ачарын кабарлаганын билдирди.
"Эгер Нетаньяху Трампты өзөктүк сокку урууга көндүрсө, анда бул согушта жүз миллиондогон бейкүнөө адамдар, балдар курман болушу мүмкүн", — деди журналист бул маселеде жөнөкөй калктын пикири эске алынбай жатканын белгилеп.
 Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2026
РФ ТИМи: Киев Запорожье АЭСине чабуулду токтотпосо Европада радиациялык алаамат болот
Жаңылыктар түрмөгү
0