https://sputnik.kg/20261101/pensiyadagy-mugalimder-ishtej-beret-1104651238.html
Агартуу министрлиги пенсиядагы мугалимдер жапырт иштен бошотулбай турганын айтты
Агартуу министрлиги пенсиядагы мугалимдер жапырт иштен бошотулбай турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу маселеси каралган жок. Агартуу министрлиги соцтармакка... 01.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-01T17:31+0600
2026-11-01T17:31+0600
2026-11-01T17:31+0600
кыргызстан
агартуу министрлиги
мугалим
пенсия
адис
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063494054_0:268:3072:1996_1920x0_80_0_0_5db24301087a2b3d3206d1d6233079e8.jpg
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу маселеси каралган жок. Агартуу министрлиги соцтармакка тараган билдирүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берди.Ведомствонун маалыматына караганда, учурда өлкөнүн билим берүү мекемелеринде пенсия курагындагы 15 миңге жакын мугалим эмгектенет. Алардын билими жана тажрыйбасы билим берүү системасы үчүн маанилүү ресурс болуп саналат.Ошол эле учурда министрлик жаш адистерди жумушка тартуу жана тажрыйбалуу мугалимдердин кесиптик дараметин сактоо ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоо жолдорун карап жатат.Министрлик бул сунуштар азырынча талкуулоо баскычында экенин белгилеп, эч бир мугалим жаш курагына байланыштуу басмырланбашы керектигин айтты.Эскерте кетсек, пенсия курагындагы мугалимдердин жаш адистерге орун бошотушу керектиги тууралуу маселе буга чейин Садыр Жапаровдун Ала-Бука районундагы эл менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анда жергиликтүү тургун президентке кайрылып, пенсиядагы мугалимдер жаштардын жумушка орношуусуна тоскоол болуп жатканын айткан. Буга жооп катары Садыр Жапаров Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү сунушун берген.
https://sputnik.kg/20261028/pensiya-koboyushu-mumkun-1104561264.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063494054_250:0:2981:2048_1920x0_80_0_0_f7fbc57cb72219e6e005df6ba8d1c34e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, агартуу министрлиги, мугалим, пенсия, адис
кыргызстан, агартуу министрлиги, мугалим, пенсия, адис
Агартуу министрлиги пенсиядагы мугалимдер жапырт иштен бошотулбай турганын айтты
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу маселеси каралган жок. Агартуу министрлиги соцтармакка тараган билдирүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, учурда өлкөнүн билим берүү мекемелеринде пенсия курагындагы 15 миңге жакын мугалим эмгектенет. Алардын билими жана тажрыйбасы билим берүү системасы үчүн маанилүү ресурс болуп саналат.
Ошол эле учурда министрлик жаш адистерди жумушка тартуу жана тажрыйбалуу мугалимдердин кесиптик дараметин сактоо ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоо жолдорун карап жатат.
"Алардын катарында улуу муундагы мугалимдерди жаш адистерге насаатчы кылуу, усулдук колдоо көрсөтүү, педагог-ассистент же консультант катары иштетүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Педагогикалык жүктөмдүн ийкемдүү формалары да талкууланууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик бул сунуштар азырынча талкуулоо баскычында экенин белгилеп, эч бир мугалим жаш курагына байланыштуу басмырланбашы керектигин айтты.
Эскерте кетсек, пенсия курагындагы мугалимдердин жаш адистерге орун бошотушу керектиги тууралуу маселе буга чейин Садыр Жапаровдун Ала-Бука районундагы эл менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анда жергиликтүү тургун президентке кайрылып, пенсиядагы мугалимдер жаштардын жумушка орношуусуна тоскоол болуп жатканын айткан. Буга жооп катары Садыр Жапаров Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү
сунушун берген.