https://sputnik.kg/20261026/japarov-emgek-kodeksi-mugalimder-pensiya-ozgortuu-1104527646.html
Жапаров жаштар мугалим болуп келиши үчүн Эмгек кодексин өзгөртүүнү сунуштады
Жапаров жаштар мугалим болуп келиши үчүн Эмгек кодексин өзгөртүүнү сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров пенсия курагындагы мугалимдердин ордуна жаш адистердин келишине шарт түзүү үчүн Эмгек кодексине... 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T17:09+0600
2026-10-26T17:09+0600
2026-10-26T17:32+0600
кыргызстан
садыр жапаров
мугалим
эмгек кодекси
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063494046_0:228:3072:1956_1920x0_80_0_0_e62464489267262b3563e1e62e2a5829.jpg
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров пенсия курагындагы мугалимдердин ордуна жаш адистердин келишине шарт түзүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.Мамлекет башчынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундардын бири пенсияга чыккан мугалимдер жаш адистерге орун бошотпой жатканын айтып даттанган.Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Эмгек кодекси мындай педагогдорду жашына байланыштуу жумуштан бошотууга жол бербей турганын түшүндүрдү. Анын айтымында, айрым учурларда иштен алынгандар сот аркылуу кайра кызматына келип алышат.
https://sputnik.kg/20261026/zhaparov-mektep-reketchiligi-boyuncha-1104514757.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063494046_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_7b48ecabc485fd25c5c5ce720ff7f0ec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, мугалим, эмгек кодекси
кыргызстан, садыр жапаров, мугалим, эмгек кодекси
Жапаров жаштар мугалим болуп келиши үчүн Эмгек кодексин өзгөртүүнү сунуштады
17:09 26.10.2026 (Жаңыртылды: 17:32 26.10.2026) БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров пенсия курагындагы мугалимдердин ордуна жаш адистердин келишине шарт түзүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Мамлекет башчынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундардын бири пенсияга чыккан мугалимдер жаш адистерге орун бошотпой жатканын айтып даттанган.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Эмгек кодекси мындай педагогдорду жашына байланыштуу жумуштан бошотууга жол бербей турганын түшүндүрдү. Анын айтымында, айрым учурларда иштен алынгандар сот аркылуу кайра кызматына келип алышат.
“Эгерде жаш мугалимдер жумуш күтүп жатса, маселени мыйзам чегинде чечүү керек. Анда Эмгек кодексин өзгөртөлү. Бул маселени Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштеп чыккыла”, — деди Жапаров.