00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Стоп кадр
"Мончок" — “Акыркы дем” тасмасынын уландысы
17:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Германияда жаштар жапырт митингге чыгышты. Мерцтин отставкасы жана башка талаптар

© AP Photo / Ebrahim NorooziГерманияда жаштар митингге чыкты
Германияда жаштар митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. 31-октябрда Германиянын 34 шаарында миңдеген жаштар канцлер Фридрих Мерцтин кызматтан кетишин талап кылып, нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Gen Z regelt” (“Z мууну чечет”) кыймылы уюштурган демонстрацияларга өлкө боюнча 182 миңден ашуун адам акцияга катышууга катталган.

Маалыматка ылайык, нааразылык акцияларынын негизги себеби — жаштардын социалдык жана экономикалык көйгөйлөрү. Алар өкмөттөн билим берүү тармагына көбүрөөк каражат бөлүүнү, кымбатчылыкка каршы чара көрүүнү, милдеттүү аскердик кызматты кайра киргизүүдөн баш тартууну талап кылышууда. Ошондой эле климатты коргоо жана психологиялык жардамды жеткиликтүү кылуу маселелери көтөрүлдү.

Берлиндеги Бранденбург дарбазасынын жанындагы митингге полициянын маалыматы боюнча 5 миңдей адам чогулду. Катышуучулар канцлер Фридрих Мерцтин кызматтан кетишин талап кылган баннерлерди көтөрүп чыгышкан. Алар өкмөттүн аскердик чыгымдарды көбөйтүү саясатына жана Украинага көрсөтүлүп жаткан каржылык-аскердик жардамга да нааразы болушту.

Маалым болгондой, акциялардын көбү тынч өткөнү менен кечке жуук айрым шаарларда тартип бузуу фактылары катталды. Франкфуртта бир нече дүкөн тонолуп, имараттар жабыркаган. Гамбургда тосмолор өрттөлүп, Берлинде полиция менен демонстранттар кагылышкан. Күч түзүмдөрү айрым жерлерде суу аткычтарды колдонгон.

Буга чейин канцлер Фридрих Мерц жүргүзүп жаткан реформаларга карата айтылган сындарга жооп берип, “Мен улуттун сүймөнчүгү болууну көздөбөйм” деген. Анын айтымында, жеке рейтинги төмөндөсө да, өлкөнүн келечеги үчүн зарыл деп эсептеген реформаларды улантат. Мерц бул өзгөрүүлөр жаш муунга жакшы келечек түзүүгө багытталганын белгилеген.

Уюштуруучулар акцияларды тынч жана кайсы бир саясий партияга байланышпаган демилге катары өткөрүп жатканын билдиришкен.
Европа биримдигинин желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2026
ЖМК: Евробиримдик саясий бороондун босогосунда турат
Жаңылыктар түрмөгү
0