https://sputnik.kg/20261019/politico-evrobirimdik-byudjet-talashy-sayasii-boroon-1104382829.html
ЖМК: Евробиримдик саясий бороондун босогосунда турат
ЖМК: Евробиримдик саясий бороондун босогосунда турат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Евробиримдик өз тарыхындагы эң ири бюджет боюнча бир пикирге келе албай жаткандыктан "идеалдуу саясий бороондун" босогосунда турат... 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T16:35+0600
2026-10-19T16:35+0600
2026-10-19T16:43+0600
дүйнөдө
европа
бороон
бюджет
кризис
https://sputnik.kg/img/07e6/02/02/1061733115_0:0:3076:1730_1920x0_80_0_0_2e7e003d8a55815cf8d733df15f0710b.jpg
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Евробиримдик өз тарыхындагы эң ири бюджет боюнча бир пикирге келе албай жаткандыктан "идеалдуу саясий бороондун" босогосунда турат. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.Еврокомиссия ЕБдин 2028–2034-жылдарга карата көлөмү 2 триллион еврого чукул көп жылдык каржылык планын сунуштаган. Андан соң ЕБ Кеңешинде төрагалык кылган Ирландия аны учурдагы баалар боюнча 160 миллиард еврого кыскарткан. Бул бюджетти кабыл алуу үчүн биримдикке мүчө бардык мамлекеттердин бир добуштан макулдугу жана Европарламенттин жактыруусу талап кылынат.Маалыматка караганда, бюджет талашынан сырткары Евробиримдиктин негизги өлкөлөрүндөгү саясий туруксуздук да абалды ого бетер оорлотууда. Бул жерде кеп биримдиктин калкынын жана экономикасынын 60 пайызын түзгөн Германия, Франция, Испания жана Италия жөнүндө болууда.Politico басылмасынын алты дипломат жана аткаминерге таянып билдиргенине караганда, өткөн аптада Брюсселде өткөн саммитте пессимизм байкалган. Бир нече булактар жакынкы айларда бирикмени олуттуу кыйынчылыктар күтүп турганын эскертишкен.Басылма белгилегендей, Евробиримдиктин эң ири өлкөлөрү биринин артынан бири шайлоо өнөктүгүнө кирип жатат. Испанияда добуш берүү ноябрда өтсө, Францияда апрелде президент алмашат жана анда Марин Ле Пендин рейтинги жогору болууда. Германияда болсо "Германия үчүн альтернатива" партиясы күч алып, Фридрих Мерцтин канцлер болушун күмөнгө салууда, ал эми Жоржа Мелонинин өкмөтү 2027-жылы эле шайлоого барат.Politico басылмасы белгилегендей, дагы бир чоң көйгөй — Украинанын казынасындагы тартыштык. Киевге буга чейин 90 миллиард евро (дээрлик 101 миллиард доллар) макулдашылганына карабай, ЭВФтин эсеби боюнча, өлкө бюджетине келерки жылы дагы 30–35 миллиард доллар жетишпей калышы мүмкүн.Буга чейин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен Брюсселдеги саммитте сүйлөп жатып, Ирландия сунуштаган жаңы бюджет долбоорун сындаган. Анын айтымында, резервдердин эки эсе кыскартылышы Евробиримдикти күтүүсүз кризистерге каршы өз убагында чара көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
https://sputnik.kg/20260824/zelenskiy-eb-nasyya-boluu-surady--1103162580.html
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/02/1061733115_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_f0ddba11f4a540965ba71437f0db89b3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, европа, бороон, бюджет, кризис
дүйнөдө, европа, бороон, бюджет, кризис
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Евробиримдик өз тарыхындагы эң ири бюджет боюнча бир пикирге келе албай жаткандыктан "идеалдуу саясий бороондун" босогосунда турат. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.
Еврокомиссия ЕБдин 2028–2034-жылдарга карата көлөмү 2 триллион еврого чукул көп жылдык каржылык планын сунуштаган. Андан соң ЕБ Кеңешинде төрагалык кылган Ирландия аны учурдагы баалар боюнча 160 миллиард еврого кыскарткан. Бул бюджетти кабыл алуу үчүн биримдикке мүчө бардык мамлекеттердин бир добуштан макулдугу жана Европарламенттин жактыруусу талап кылынат.
"Евробиримдик идеалдуу саясий бороонго туш болууда", — деп айтылат Politico басылмасынын макаласынын баш сөзүндө.
Маалыматка караганда, бюджет талашынан сырткары Евробиримдиктин негизги өлкөлөрүндөгү саясий туруксуздук да абалды ого бетер оорлотууда. Бул жерде кеп биримдиктин калкынын жана экономикасынын 60 пайызын түзгөн Германия, Франция, Испания жана Италия жөнүндө болууда.
"Кийинки жылы мындан да жаман болот", — деп келтирет басылма ЕБдин жогорку даражалуу дипломатынын сөзүн.
Politico басылмасынын алты дипломат жана аткаминерге таянып билдиргенине караганда, өткөн аптада Брюсселде өткөн саммитте пессимизм байкалган. Бир нече булактар жакынкы айларда бирикмени олуттуу кыйынчылыктар күтүп турганын эскертишкен.
Басылма белгилегендей, Евробиримдиктин эң ири өлкөлөрү биринин артынан бири шайлоо өнөктүгүнө кирип жатат. Испанияда добуш берүү ноябрда өтсө, Францияда апрелде президент алмашат жана анда Марин Ле Пендин рейтинги жогору болууда. Германияда болсо "Германия үчүн альтернатива" партиясы күч алып, Фридрих Мерцтин канцлер болушун күмөнгө салууда, ал эми Жоржа Мелонинин өкмөтү 2027-жылы эле шайлоого барат.
Politico басылмасы белгилегендей, дагы бир чоң көйгөй — Украинанын казынасындагы тартыштык. Киевге буга чейин 90 миллиард евро (дээрлик 101 миллиард доллар) макулдашылганына карабай, ЭВФтин эсеби боюнча, өлкө бюджетине келерки жылы дагы 30–35 миллиард доллар жетишпей калышы мүмкүн.
Буга чейин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен Брюсселдеги саммитте сүйлөп жатып, Ирландия сунуштаган жаңы бюджет долбоорун сындаган. Анын айтымында, резервдердин эки эсе кыскартылышы Евробиримдикти күтүүсүз кризистерге каршы өз убагында чара көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.