https://sputnik.kg/20261017/konczertke-bajlanyshtuu-zhol-zhabylat-1104355976.html
Бишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Карта
Бишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Карта
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Эртең, 18-октябрда атактуу ырчы, шоу дүйнөнүн өкүлү Шакиранын концертине байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөр жабылары маалым... 17.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-17T16:55+0600
2026-10-17T16:55+0600
2026-10-17T16:55+0600
кыргызстан
бишкек арена
шакира
концерт
чектөө
жол
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103158739_0:35:830:502_1920x0_80_0_0_431fbafd36038d3f0ec731e9eb44daf5.jpg
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Эртең, 18-октябрда атактуу ырчы, шоу дүйнөнүн өкүлү Шакиранын концертине байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөр жабылары маалым болду. Кайгуул милициясы билдиргендей, саат 07:00дөн тартып "Бишкек арена" стадионуна жакын жайгашкан көчөлөрдө машина менен жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Алсак: Концертке билети бар жарандар үчүн шаардын жети жеринен атайын шаттл-автобустар каттайт.
https://sputnik.kg/20261012/shakiranyn-konczerti-30-million-dollar-kireshe-1104239100.html
бишкек арена
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103158739_57:0:773:537_1920x0_80_0_0_302dfc5341c89913ce9c339a67ba246d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек арена, шакира, концерт, чектөө, жол
кыргызстан, бишкек арена, шакира, концерт, чектөө, жол
Бишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Карта
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Эртең, 18-октябрда атактуу ырчы, шоу дүйнөнүн өкүлү Шакиранын концертине байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөр жабылары маалым болду.
Кайгуул милициясы билдиргендей, саат 07:00дөн тартып "Бишкек арена" стадионуна жакын жайгашкан көчөлөрдө машина менен жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилет.
Аалы Токомбаев көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
Муромская көчөсү — Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
Эр Тайлак көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин;
Күйүков көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин тосулмакчы.
Концертке билети бар жарандар үчүн шаардын жети жеринен атайын шаттл-автобустар каттайт.