Цирктин жаңы директору жамаатка тааныштырылды. Ал жөнүндө эмне белгилүү?

© Фото / Сайт Хореографическое искусство Казахстана
Жазылуу
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору болуп буга чейин Almaty Theatre театрын жетектеп келген Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды.
Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов жаңы жетекчини цирктин жамаатына тааныштырышты.
Мамбеталиев цирк өнөрүн мындан ары өнүктүрүү, чыгармачыл жамаатты колдоо жана көрүүчүлөргө тартууланган программалардын сапатын көтөрүү өтө маанилүү экенин белгиледи. Министр ошондой эле мекеменин чыгармачылык дараметин ачуу, ишке жаңы ыкмаларды киргизүү жана эл аралык маданий кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтып, жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалады.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров мамлекеттик цирктин жаңы директоруна мекеменин ишин жолго коюу, тартипти чыңдоо, жамааттагы ынтымакты калыбына келтирүү жана оюн-зоок программаларын кеңейтүү боюнча тапшырма берген болчу.
Нурлан Конокбаев тууралуу маалымат:
1985-жылы 6-августта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 2003-жылы Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайын, ал эми 2009-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын режиссер-хореограф адистиги боюнча бүтүргөн;
Чыгармачылыгын 2001-жылы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамблинде баштаган. 2003–2004-жылдары Казакстандын Мамлекеттик академиялык бий театрынын солисти, ал эми 2004–2006-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чакырылган башкы солисти болуп эмгектенген;
2006-жылдан 2018-жылга чейин Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын балет боюнча башкы солисти болгон. Муну менен катар, 2008–2011-жылдары Казакстандын "Салтанат" мамлекеттик бий ансамблинин чакырылган башкы артисти катары чыгып турган;
2012-жылы эл аралык гастролдорду, балет спектаклдерин, фестивалдарды жана гала-концерттерди уюштурган Konokbaev Group компаниясын негиздеген. 2019-жылы АКШда эл аралык маданий долбоорлорго адистешкен AlanBars Group LLC компаниясын түзгөн;
2024-жылдын декабрынан бери Алматы шаарындагы Almaty Theatre театрынын директору болуп иштеп келген.
Нурлан Конокбаев — балет артисттеринин эл аралык сынактарынын бир нече жолку лауреаты. Ал Сеул, Астана, Пермь, Сочи жана Донецк шаарларындагы сынактарда алтын, күмүш жана коло байгелерди уткан. 2010-жылы "Кыргызстанда балет өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын алтын диплому менен сыйланган. Ал карьерасында бир катар ири эл аралык маданий долбоорлорду, анын ичинде дүйнөлүк театрлардын алдыңкы артисттеринин катышуусундагы коюлмаларды жана жаш таланттарды колдоо демилгелерин уюштурган.
