https://sputnik.kg/20261013/stenin-synagy-jenuuchelor-moskva-muzei-korgosmo-2026-1104260207.html
Москвада Стенин атындагы эл аралык фотосынактын жеңүүчүлөрү сыйланат
Москвада Стенин атындагы эл аралык фотосынактын жеңүүчүлөрү сыйланат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы 2026-жылкы эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрүн жарыялоо салтанаты жана алардын эмгектеринин... 13.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-13T14:03+0600
2026-10-13T14:03+0600
2026-10-13T14:03+0600
россия
москва
андрей стенин
жеңүүчү
жарыялоо
сынак
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0d/1104259669_0:0:1280:721_1920x0_80_0_0_f5f0aa916b381f068e51c76f51edf1e6.jpg
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы 2026-жылкы эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрүн жарыялоо салтанаты жана алардын эмгектеринин фотокөргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.Иш-чара 2026-жылдын 21-октябрынан 10-ноябрына чейин “Музей Москвы” мейкиндигинде ачык болот.Анын айтымында, бул номинация сынакка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.Быйыл сынактын шорт-листине 13 өлкөдөн келген жаш фоторепортерлордун жеке сүрөттөрү жана сериялык топтомдору кирген. Сынактын калыстар тобу жалпы 36 мамлекеттен, атап айтканда, Россия, Аргентина, Иран, Бангладеш, Индонезия, Индия, Испания, Түркия жана башка өлкөлөрдөн жиберилген 2 500гө жакын эмгекти баалаган.
https://sputnik.kg/20261013/kyrgyzstandyktar-open-doors-rossiya-jojdoru-akysyz-okuu-1104259102.html
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0d/1104259669_194:0:1181:740_1920x0_80_0_0_de9e864d26f2a1b7e9f7f7187cfa2602.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, москва, андрей стенин, жеңүүчү, жарыялоо, сынак
россия, москва, андрей стенин, жеңүүчү, жарыялоо, сынак
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы 2026-жылкы эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрүн жарыялоо салтанаты жана алардын эмгектеринин фотокөргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чара 2026-жылдын 21-октябрынан 10-ноябрына чейин “Музей Москвы” мейкиндигинде ачык болот.
"Биз “Музей Москвы” жайында Андрей Стенин атындагы 2026-жылкы эл аралык фотожурналистика сынагынын масштабдуу көргөзмөсүн сунуштап жатканыбызга кубанычтабыз. Анда быйылкы жылдын бардык жеңүүчүлөрү менен байге ээлеринин эмгектери коюлат. Анын ичинде 33 жаштан ашкан катышуучулар үчүн алгач ирет уюштурулган жаңы “Өмүр кубаты“ номинациясы да бар", — деп билдирди сынактын куратору Оксана Олейник.
Анын айтымында, бул номинация сынакка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Журналисттердин эң жогорку деңгээлдеги иштери кесипте өзүнчө бир багыт болуп, жаңыдан баштап жаткан жаш фотографтарга чеберчиликтин бийик сересин белгилеп бериши мүмкүн. Ал эми көрүүчүлөр менен коноктор ар кайсы өлкөдө жашаган фотожурналисттердин көзү аркылуу бүтүндөй адамзатты ойлонткон орток көйгөйлөргө жана ааламга башкача көз караш менен карай алышат", — деп кошумчалады куратор.
Быйыл сынактын шорт-листине 13 өлкөдөн келген жаш фоторепортерлордун жеке сүрөттөрү жана сериялык топтомдору кирген. Сынактын калыстар тобу жалпы 36 мамлекеттен, атап айтканда, Россия, Аргентина, Иран, Бангладеш, Индонезия, Индия, Испания, Түркия жана башка өлкөлөрдөн жиберилген 2 500гө жакын эмгекти баалаган.