https://sputnik.kg/20261013/kyrgyzstandyktar-open-doors-rossiya-jojdoru-akysyz-okuu-1104259102.html
Кыргызстандыктар Open Doors аркылуу Россияда акысыз окуй алышат
Кыргызстандыктар Open Doors аркылуу Россияда акысыз окуй алышат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Чет элдик абитуриенттер Open Doors эл аралык олимпиадасына катышып, Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу... 13.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-13T12:37+0600
2026-10-13T12:37+0600
2026-10-13T12:38+0600
кыргызстан
россия
абитуриент
билим берүү
жогорку окуу жайы
русский дом
олимпиада
https://sputnik.kg/img/07e6/04/05/1063406563_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_af7742baea57cbbe283ba9a134785881.jpg
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Чет элдик абитуриенттер Open Doors эл аралык олимпиадасына катышып, Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Каттоо 1-ноябрга чейин уланат.Олимпиадада ийгиликке жетишкендер Россияда акысыз билим алуу укугуна ээ болушат. Ошондой эле жеңүүчүлөр менен байгелүү орун алгандарга гранттык колдоо каралган. Ал жогорулатылган стипендияны, жатаканада акысыз жашоону, учуп келүү чыгымын (авиабилетти) төлөп берүүнү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин камтыйт. Бирок гранттык колдоо медициналык адистиктерге жайылтылбайт.Бишкектеги "Русский домдун" жетекчиси Альберт Зульхарнеев чет элдик абитуриенттер россиялык ЖОЖдорго тапшыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керектигин белгиледи."РФтин жогорку окуу жайларына тапшыруунун ар кандай жолдору бар. Квоталар тууралуу баары билишет, бирок олимпиадага да катышууга болот", — деди ал.Open Doors олимпиадасынын баскычтары:1-ноябрга чейин — катышуучуларды каттоо;13-ноябрга чейин — биринчи баскыч;21-декабрга чейин — экинчи баскыч;21-декабрда — жыйынтыктарды жарыялоо.Зульхарнеев белгилегендей, Open Doors олимпиадасы менен Россотрудничествонун квоталык өнөктүгү бири-бирине көз каранды эмес өзүнчө программалар болуп саналат жана бири-бирин жокко чыгарбайт. Андыктан абитуриенттер алгач олимпиадага катталып, ал эми өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганда РФ өкмөтүнүн квотасы боюнча да окууга документтерин тапшыра алышат. Бирок жогоруда аталган гранттык колдоону Open Doors олимпиадасына катышуу аркылуу гана алууга болот.Пайдалуу шилтемелер:Open Doors олимпиадасы 2017-жылдан бери өткөрүлүп келет. Анын уюштуруучусу катары россиялык алдыңкы жогорку окуу жайларды бириктирген "Глобалдык университеттер" ассоциациясы саналат. Долбоор РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жана Россотрудничествонун колдоосу менен ишке ашырылууда. Олимпиадага жыл сайын 150 миңден ашуун чет элдик абитуриент катышат.
https://sputnik.kg/20261001/arshinova-bilim-beruu-rossiya-kyrgyzstan-forumu-1104010924.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/05/1063406563_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_e0ed33bd1af8994c5e58d640bd9f1ff5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, абитуриент, билим берүү, жогорку окуу жайы, русский дом, олимпиада
кыргызстан, россия, абитуриент, билим берүү, жогорку окуу жайы, русский дом, олимпиада
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Чет элдик абитуриенттер Open Doors эл аралык олимпиадасына катышып, Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Каттоо 1-ноябрга чейин уланат.
Олимпиадада ийгиликке жетишкендер Россияда акысыз билим алуу укугуна ээ болушат. Ошондой эле жеңүүчүлөр менен байгелүү орун алгандарга гранттык колдоо каралган. Ал жогорулатылган стипендияны, жатаканада акысыз жашоону, учуп келүү чыгымын (авиабилетти) төлөп берүүнү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин камтыйт. Бирок гранттык колдоо медициналык адистиктерге жайылтылбайт.
Бишкектеги "Русский домдун" жетекчиси Альберт Зульхарнеев чет элдик абитуриенттер россиялык ЖОЖдорго тапшыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керектигин белгиледи.
"РФтин жогорку окуу жайларына тапшыруунун ар кандай жолдору бар. Квоталар тууралуу баары билишет, бирок олимпиадага да катышууга болот", — деди ал.
Open Doors олимпиадасынын баскычтары:
1-ноябрга чейин — катышуучуларды каттоо;
13-ноябрга чейин — биринчи баскыч;
21-декабрга чейин — экинчи баскыч;
21-декабрда — жыйынтыктарды жарыялоо.
Зульхарнеев белгилегендей, Open Doors олимпиадасы менен Россотрудничествонун квоталык өнөктүгү бири-бирине көз каранды эмес өзүнчө программалар болуп саналат жана бири-бирин жокко чыгарбайт. Андыктан абитуриенттер алгач олимпиадага катталып, ал эми өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганда РФ өкмөтүнүн квотасы боюнча да окууга документтерин тапшыра алышат. Бирок жогоруда аталган гранттык колдоону Open Doors олимпиадасына катышуу аркылуу гана алууга болот.
Open Doors олимпиадасынын расмий сайты —
https://od.globaluni.ru/ru;
Гранттык колдоо сайты —
https://grant.ined.ru/;
Бишкектеги "Русский домдун" аккаунту —
https://taplink.cc/rushouse_bishkek.
Open Doors олимпиадасы 2017-жылдан бери өткөрүлүп келет. Анын уюштуруучусу катары россиялык алдыңкы жогорку окуу жайларды бириктирген "Глобалдык университеттер" ассоциациясы саналат. Долбоор РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жана Россотрудничествонун колдоосу менен ишке ашырылууда. Олимпиадага жыл сайын 150 миңден ашуун чет элдик абитуриент катышат.