https://sputnik.kg/20261001/arshinova-bilim-beruu-rossiya-kyrgyzstan-forumu-1104010924.html
Аршинова: Кыргызстан менен Россия билим берүү тармагында көп иштерди жасай алат
Аршинова: Кыргызстан менен Россия билим берүү тармагында көп иштерди жасай алат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Билим берүү — Россия менен Кыргызстан чогуу дагы көп иштерди жасай ала турган жана жасап жаткан негизги тармактардын бири. Бул... 01.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-01T11:35+0600
2026-10-01T11:35+0600
2026-10-01T11:39+0600
кыргызстан
россия
билим берүү
алена аршинова
"евразия" уюму
https://sputnik.kg/img/07ea/04/07/1100655305_0:0:3086:1736_1920x0_80_0_0_8755ea774f3a860a7be7cec354b586c4.jpg
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Билим берүү — Россия менен Кыргызстан чогуу дагы көп иштерди жасай ала турган жана жасап жаткан негизги тармактардын бири. Бул тууралуу “Евразия” коммерциялык эмес автономдуу уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова Бишкекте өтүп жаткан Россия-Кыргыз билим берүү форумунда билдирди.Ал жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.“КРСУ менен биргеликте Евразиялык көчмө билим берүү лабораториясын ишке киргиздик. Бул — Кыргызстандын алыскы аймактарында сабактарды жана мастер-класстарды өткөрүү үчүн окуу жабдыктары бар атайын автобус. Биз ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын эң жигердүү жана алдыга умтулган жаштарын бириктирген Евразия лидерлеринин ассоциациясын өнүктүрүп жатабыз”, — деди Аршинова.
https://sputnik.kg/20261001/kyrgyzstan-rossiya-bilim-student-1104009947.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/07/1100655305_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_bfaa5142d9ce6d57dc0b3476b8243f5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, билим берүү, алена аршинова, "евразия" уюму
кыргызстан, россия, билим берүү, алена аршинова, "евразия" уюму
Аршинова: Кыргызстан менен Россия билим берүү тармагында көп иштерди жасай алат
11:35 01.10.2026 (Жаңыртылды: 11:39 01.10.2026) БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Билим берүү — Россия менен Кыргызстан чогуу дагы көп иштерди жасай ала турган жана жасап жаткан негизги тармактардын бири. Бул тууралуу “Евразия” коммерциялык эмес автономдуу уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова Бишкекте өтүп жаткан Россия-Кыргыз билим берүү форумунда билдирди.
Ал жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
“КРСУ менен биргеликте Евразиялык көчмө билим берүү лабораториясын ишке киргиздик. Бул — Кыргызстандын алыскы аймактарында сабактарды жана мастер-класстарды өткөрүү үчүн окуу жабдыктары бар атайын автобус. Биз ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын эң жигердүү жана алдыга умтулган жаштарын бириктирген Евразия лидерлеринин ассоциациясын өнүктүрүп жатабыз”, — деди Аршинова.