00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Стоп кадр
"Мончок" — “Акыркы дем” тасмасынын уландысы
17:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров: аймактар республикалык бюджетке гана көз каранды болбошу керек

© Фото / Пресс-служба Президента КРПрезидент Садыр Жапаровдун Баткенге болгон иш сапары
Президент Садыр Жапаровдун Баткенге болгон иш сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2026
Жазылуу
Өлкө башчысы Баткен облусуна барып, Лейлек району менен Сүлүктү шаарындагы аткарылган иштер жана келечектүү долбоорлорду көрдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аймактын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат алды.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Максатыбыз — аймактарды республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга гана көз каранды кылбастан, өз кирешелерин көбөйтүү. Бул тууралуу Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Президенттин айтымында, 2020-жылы Баткендин кирешеси 905 миллион сомду түзсө, быйыл тогуз айда 1,6 миллиард сомго жеткен. Мындан тышкары, быйыл облуска республикалык казынадан кошумча 4 миллиард 517 миллион сом бөлүнгөн.
"Жалпысынан 2026-жылдын тогуз айында Баткен облусунун жергиликтүү бюджетин жана аймактарын өнүктүрүүгө 6,2 миллиард сомго жакын каражат топтолду. Бөлүнгөн каражаттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу өтө маанилүү", — деди президент.
Жапаров Баткен облусунда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдагы 3,9 миллиард сомдон 2025-жылы 8,3 миллиард сомго жеткенин белгиледи. "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында 2024-жылы 11, былтыр 13 ишкана ачылган. Быйыл дагы жети өнөр жай объектин ишке киргизүү пландалууда.
Президентке Лейлек районундагы социалдык-экономикалык абал жана аткарылып жаткан долбоорлор тууралуу аким Асылбек Жеңишбек маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 миллион сомдон 864,6 миллион сомго чейин өскөн. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 1 миллиард 50 миллион сомго жеткирүү күтүлүүдө.
2021-2026-жылдары Лейлек районунда 143 ишкана ачылып, 2 миң 124 жумуш орду түзүлгөн. Быйыл эле 36 жаңы ишкана пайдаланууга берилген. Алардын арасында автоклавдык газоблок чыгарган "Мега Газблок КейДжи" заводу да бар. Районго тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 1 миллиард 200 миллион сомду түздү.
Бул мезгилде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, өнүктүрүү фондуларынын жана ишкерлердин каражаттарынын эсебинен 356 объект курулуп, пайдаланууга берилген. Ошондой эле 136,5 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Анын 77,5 чакырымы республикалык бюджеттен, калган 59 чакырымы жергиликтүү бюджеттин жана Өнүктүрүү фондунун эсебинен оңдолгон.
Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров 2021–2026-жылдары жергиликтүү бюджеттен 358 миллион сом өздөштүрүлүп, 192 иш-чара өткөрүлгөнүн билдирди. Курулуш тармагында 19 долбоор ишке ашырылган. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерине арналган көп кабаттуу үйлөр капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилген.
Учурда инвесторлордун каражатына 250 орундуу И.Бектемиров атындагы №8 жана 384 орундуу Н.Кушматов атындагы №9 мектептер курулууда.
Жапаров Сүлүктүдө таза суу жана саркынды суу системаларын жаңылоо, шаарга альтернативдүү жол салуу жана поликлиника куруу пландалып жатканын айтты. Жер көчкү коркунучу бар аймактардагы тургундарды көчүрүү үчүн Кароол-Кыштак жана Май-Тоңбос тилкелеринен жер бөлүү маселеси да каралууда.
Лейлек районунда сел коркунучу бар тилкелерге дамбаларды куруу, айылдарды таза жана сугат суу менен камсыздоо, скважиналарды казуу, спорт залдарды, футбол аянтчаларын, маданият үйлөрүн жана балдардын эс алуу борборлорун куруу пландалууда.
"Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өзүнө тиешелүү мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары бар. Аларды туура пайдаланып, шаарды да, районду да өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан жардам аябайбыз", — деди Жапаров.
Президент иш сапарынын алкагында Баткен облусунун тургундары менен жолугуп, Ош шаарындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен да таанышат.
Церемония открытия многоквартирных домов ГИК в Нарыне и Кочкорском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2026
Садыр Жапаров: Чүйдү өнүктүрүүгө 10 млрд. сом бөлүнүп, ишканалар ачылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0