https://sputnik.kg/20261010/chuy-oblysun-onukturuugo-10-mlrd-som-bolundu-japarov-1104213432.html
Садыр Жапаров: Чүйдү өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүнүп, ишканалар ачылууда
Садыр Жапаров: Чүйдү өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүнүп, ишканалар ачылууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 2026-жылы Чүй облусун өнүктүрүүгө Турукташтыруу фондунан 10 миллиард сом бөлүнгөн, каражат социалдык объектилерди курууга жана... 10.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-10T20:56+0600
2026-10-10T20:56+0600
2026-10-10T20:56+0600
кыргызстан
садыр жапаров
чүй облусу
100 жылдык
экономика
өнүктүрүү
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/07/1104138505_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_f23db65ededbb255f29e8576fe613a60.jpg
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 2026-жылы Чүй облусун өнүктүрүүгө Турукташтыруу фондунан 10 миллиард сом бөлүнгөн, каражат социалдык объектилерди курууга жана өндүрүш ишканаларын ачууга багытталууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.Мамлекет башчы аймактын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.Чүй облусу — Кыргызстандын экономикасындагы негизги аймактардын бири. Президент анын өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу, өнөр жайды жана инфраструктураны өнүктүрүүдөгү ролун өзгөчө белгиледи.Ошондой эле бийлик бир катар маданий долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдөөдө. Алардын арасында — Токмок шаарындагы балдар үйүн калыбына келтирип, маданий-билим берүү мекемесине айландыруу, Чоң-Таш айылында Сүймөнкул Чокморовдун үй-музейин түзүү жана Төлөберди баатырга арналган илимий иш-чара өткөрүү бар.Жапаров Чүй өрөөнүнүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый ордун жана ар кыл этностордун башын бириктирген борбор катары маанисин баса белгиледи.
https://sputnik.kg/20261009/sadyr-zhaparov-salyk-ishker-1104204097.html
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/07/1104138505_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_1e58abac403c056d51b578a0b53eddc9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, чүй облусу, 100 жылдык , экономика, өнүктүрүү
кыргызстан, садыр жапаров, чүй облусу, 100 жылдык , экономика, өнүктүрүү
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 2026-жылы Чүй облусун өнүктүрүүгө Турукташтыруу фондунан 10 миллиард сом бөлүнгөн, каражат социалдык объектилерди курууга жана өндүрүш ишканаларын ачууга багытталууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчы аймактын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Чүй облусу — Кыргызстандын экономикасындагы негизги аймактардын бири. Президент анын өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу, өнөр жайды жана инфраструктураны өнүктүрүүдөгү ролун өзгөчө белгиледи.
Ошондой эле бийлик бир катар маданий долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдөөдө. Алардын арасында — Токмок шаарындагы балдар үйүн калыбына келтирип, маданий-билим берүү мекемесине айландыруу, Чоң-Таш айылында Сүймөнкул Чокморовдун үй-музейин түзүү жана Төлөберди баатырга арналган илимий иш-чара өткөрүү бар.
Жапаров Чүй өрөөнүнүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый ордун жана ар кыл этностордун башын бириктирген борбор катары маанисин баса белгиледи.