Самудинов: КРден Европага түз каттамдар жыл аягына чейин ачылышы мүмкүн
13:59 07.10.2026 (Жаңыртылды: 14:01 07.10.2026)

© Sputnik / Аида Джумашова
Жазылуу
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандан Европага түз каттамдар ушул жылдын аягына чейин ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунун" жетекчиси Манас Самудинов "Манас" аэропортунун реконструкциядан кийин расмий ачылышында билдирди.
Анын айтымында, Европанын авиакомпаниялары, анын ичинде Lufthansa жана эки лоукостер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Каттамдар качан жана кайсы өлкөлөргө ачылары азырынча белгисиз.
Учурда Евробиримдик тарабынан кыргыз авиакомпанияларына эч кандай чектөөлөр жок, өлкө "кара тизмеден" чыгарылган. Бирок Самудинов учурда ата мекендик авиакомпанияларда алыскы каттамдарга ылайыктуу учактар жетпей турганын белгиледи.

Ал эми Asman Airlines компаниясы Европага каттамдарды 2027-жылдын май айында жаңы учактарды (ред.: Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак) алгандан кийин гана баштоону көздөп жатат.