https://sputnik.kg/20260930/buu-bash-katchysyn-shajloodo-kosta-rikanyn-ehks-vice-prezidenti-aldyda-1103981984.html
БУУ баш катчысын шайлоодо Коста-Риканын экс-вице-президенти алдыда баратат
БУУ баш катчысын шайлоодо Коста-Риканын экс-вице-президенти алдыда баратат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Коста-Риканын экс-вице-президенти Ребека Гринспан БУУнун баш катчысы кызматына төртүнчү ирет өтүп жаткан алдын ала шайлоодо алдыда... 30.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-30T09:44+0600
2026-09-30T09:44+0600
2026-09-30T10:02+0600
дүйнөдө
буу
башкы катчы
шайлоо
добуш берүү
https://sputnik.kg/img/07e8/02/01/1082343225_500:151:3245:1695_1920x0_80_0_0_a4507db4d3f0a5d147ce37d378a752e6.jpg
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Коста-Риканын экс-вице-президенти Ребека Гринспан БУУнун баш катчысы кызматына төртүнчү ирет өтүп жаткан алдын ала шайлоодо алдыда баратат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. БУУ Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү баш катчылыкка талапкерди тандап, кызматка беките турган Башкы Ассамблеяга сунуштоо үчүн алдын ала шайлоо өткөрүп жатышат. Добуштар жашыруун берилип, процедура жабык өтөт, бюллетенде ар бир талапкер үчүн баалоонун "колдойм", "колдобойм", "калыс" сыяктуу үч варианты каралган. Расмий жыйынтык жарыяланбайт, топтолгон упай тууралуу маалымат талапкер көрсөткөн өлкөлөргө купуя берилет. Гринспанга Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү добуш берген, үчөө каршы чыкса, эки киши калыс экенин айткан. Добуш берүүдө Кэролин Родригес-Биркетт (Гайана) жана Рафаэль Гросси (Аргентина) дагы алдыңкы катардагы талапкерлердин катарында. Жалпысынан бул кызматка жети талапкер ат салышууда. Гринспан буга чейин Россия менен диалогду уюм үчүн маанилүү деп атап, РФ менен иштөөгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле эгер шайланса Украинада тынчтыкты орнотуу багытында иштөөнү убада кылган. БУУнун учурдагы баш катчысы Антониу Гутерриштин мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт.
https://sputnik.kg/20260922/zhaparov-buunu-reformaloo-1103838879.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/01/1082343225_261:0:2992:2048_1920x0_80_0_0_675fb94a7907f384ef9c1ce85dcd5628.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, буу, башкы катчы , шайлоо, добуш берүү
дүйнөдө, буу, башкы катчы , шайлоо, добуш берүү
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Коста-Риканын экс-вице-президенти Ребека Гринспан БУУнун баш катчысы кызматына төртүнчү ирет өтүп жаткан алдын ала шайлоодо алдыда баратат. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
БУУ Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү баш катчылыкка талапкерди тандап, кызматка беките турган Башкы Ассамблеяга сунуштоо үчүн алдын ала шайлоо өткөрүп жатышат.
Добуштар жашыруун берилип, процедура жабык өтөт, бюллетенде ар бир талапкер үчүн баалоонун "колдойм", "колдобойм", "калыс" сыяктуу үч варианты каралган. Расмий жыйынтык жарыяланбайт, топтолгон упай тууралуу маалымат талапкер көрсөткөн өлкөлөргө купуя берилет.
Гринспанга Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү добуш берген, үчөө каршы чыкса, эки киши калыс экенин айткан. Добуш берүүдө Кэролин Родригес-Биркетт (Гайана) жана Рафаэль Гросси (Аргентина) дагы алдыңкы катардагы талапкерлердин катарында. Жалпысынан бул кызматка жети талапкер ат салышууда.
Гринспан буга чейин Россия менен диалогду уюм үчүн маанилүү деп атап, РФ менен иштөөгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле эгер шайланса Украинада тынчтыкты орнотуу багытында иштөөнү убада кылган.
БУУнун учурдагы баш катчысы Антониу Гутерриштин мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт.