Кыргызстанда карызы бар абоненттерге газ берүү 30-сентябрда токтотулат
10:00 25.09.2026 (Жаңыртылды: 10:10 25.09.2026)

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Жазылуу
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Өлкөдө жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүү 30-сентябрдан тартып токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы билдирди.
Ишкана керектөөчүлөрдү карыздарын көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин төлөп, суук түшкөнгө чейин газсыз калбоого чакырды.
Газ өчүрүлгөндөн кийин аны кайра коштуруу үчүн карызды толугу менен төлөө талап кылынат. Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин газ берүү 2–3 жумуш күндүн ичинде калыбына келтирилет.
Карызды “Мой газ”, “Мой дом” мобилдик тиркемелери, BAKAI, MBank жана башка банктардын тиркемелери аркылуу, ошондой эле абоненттерди тейлөө кеңселеринен төлөөгө болот.
Карыздын бар-жогун “Мой газ” жана “Мой дом” тиркемелеринен, gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен, ай сайын берилүүчү квитанциядан же 4444 маалымат кызматы аркылуу текшерүүгө болот.