https://sputnik.kg/20260924/buudan-kaysy-lklrd-acharchylyk-kbrk-kaptagany-aytyldy-1103871005.html
БУУдан кайсы өлкөлөрдү ачарчылык көбүрөөк каптаганы айтылды
БУУдан кайсы өлкөлөрдү ачарчылык көбүрөөк каптаганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Дүйнө жүзү боюнча эли тамакты тое жебеген 16 мамлекет бар. 24.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-24T11:28+0600
2026-09-24T11:28+0600
2026-09-24T11:28+0600
дүйнөдө
буу
судан
палестина
йемен
ачарчылык
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103867204_0:0:2935:1651_1920x0_80_0_0_ac03809f69a99853080b9420c6b06692.jpg
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Тамак-аштын Гаити, Мали, Палестина, Түштүк Судан, Судан жана Йеменде жетпей тартыш болуп жатканы БУУну көбүрөөк түйшөлтүп жатат. Бул туурасында аталган эл аралык уюмдун Азык-түлүк жана айыл чарба бөлүмүнүн (FАО) Россия менен байланыш боюнча директору Олег Кобяков РИА Новостиге билдирген. Ал дүйнөдө 16 өлкө тамак-ашка катуу муктаж болуп жаткан категорияга кирерин белгиледи. Ал Суданда дээрлик 20 миллион кишинин чала тоют болгонун, беш миллионго чукулу ачка-ток жүрсө, ал эми 135 миңге жакыны эптеп эле өзөк жалгап калганын билдирген. Ал эми Түштүк Судан менен Сомалиде элдин тапкан акчасы азайып, кымбатчылык кыскан сайын азык-түлүк тартышыгы артып бара жаткандыгын айткан. FАО берген маалыматтарга таянсак, Сомалиде 2026-жылдын апрелинен майына чейин тамак-аш жаатында алты миллион адам, тагыраагы, элдин 31 пайызы кыйын абалда. 1,9 миллион бала чала тоют болуп жашайт. Күйүүчү май кымбаттап, ташып-жеткирүү системасы үзгүлтүккө учурагандыктан азык-түлүк 20 пайызга кымбаттап кеткен.
https://sputnik.kg/20260109/achkachylyktan-zhapa-chekkender-1099059634.html
судан
палестина
йемен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103867204_103:0:2834:2048_1920x0_80_0_0_af2636521407a561b07cbac0915f6a5c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, буу, судан, палестина, йемен, ачарчылык
дүйнөдө, буу, судан, палестина, йемен, ачарчылык
БУУдан кайсы өлкөлөрдү ачарчылык көбүрөөк каптаганы айтылды
Дүйнө жүзү боюнча эли тамакты тое жебеген 16 мамлекет бар.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Тамак-аштын Гаити, Мали, Палестина, Түштүк Судан, Судан жана Йеменде жетпей тартыш болуп жатканы БУУну көбүрөөк түйшөлтүп жатат. Бул туурасында аталган эл аралык уюмдун Азык-түлүк жана айыл чарба бөлүмүнүн (FАО) Россия менен байланыш боюнча директору Олег Кобяков
РИА Новостиге билдирген.
Ал дүйнөдө 16 өлкө тамак-ашка катуу муктаж болуп жаткан категорияга кирерин белгиледи.
"Эгерде Судан жана Газа тилкеси тууралуу сөз кылсак, ал жакта согуштун айынан муктаждарга гуманитардык жардам барбай, жегенге тамак тартыш болууда", — деген Кобякаов.
Ал Суданда дээрлик 20 миллион кишинин чала тоют болгонун, беш миллионго чукулу ачка-ток жүрсө, ал эми 135 миңге жакыны эптеп эле өзөк жалгап калганын билдирген.
Ал эми Түштүк Судан менен Сомалиде элдин тапкан акчасы азайып, кымбатчылык кыскан сайын азык-түлүк тартышыгы артып бара жаткандыгын айткан.
FАО берген маалыматтарга таянсак, Сомалиде 2026-жылдын апрелинен майына чейин тамак-аш жаатында алты миллион адам, тагыраагы, элдин 31 пайызы кыйын абалда. 1,9 миллион бала чала тоют болуп жашайт. Күйүүчү май кымбаттап, ташып-жеткирүү системасы үзгүлтүккө учурагандыктан азык-түлүк 20 пайызга кымбаттап кеткен.