https://sputnik.kg/20260910/rossiyanyn-tarykhyndagy-nishtadt-tynchtyk-kelishiminin-ordu-zhana-sharapaty--1103578719.html
Россиянын тарыхындагы Ништадт тынчтык келишиминин орду жана шарапаты. Видео
Россиянын тарыхындагы Ништадт тынчтык келишиминин орду жана шарапаты. Видео
Sputnik Кыргызстан
Россия империясынын жарыяланышы, Прибалтиканын "сатып алынышы" деген орус тарыхынын бир өңүрү бар. 1721-жылдын 10-сентябрында Россия менен Швеция Ништадт... 10.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-10T20:19+0600
2026-09-10T20:19+0600
2026-09-10T20:19+0600
россия империясы
литва
латвия
петр i
балтика
согуш
келишим
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103580172_0:64:484:336_1920x0_80_0_0_0da3f51b94d1e68bb98812b69bd5b359.jpg
Кармашта жеңүүчү тарап деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, жеңилген тарап акча алган. Тынчтык келишиминин шарты боюнча, Петр I шведдерден Эстляндия менен Лифляндияны (азыркы Эстония жана Латвиянын чыгыш бөлүгү) "сатып алган". Россия компенсация катары эки миллион "ефимок" төлөп берген. Россиянын аскердик-тарыхый коомунун илимий директору Михаил Мягковдун айтымында, бул 56 тонна күмүшкө же ошол кездеги Швециянын бир жылдык бюджетине тете болгон. Башка шарттары: Эмне үчүн Петр I Прибалтиканы жөн гана тартып албастан, сатып алган? "Согуштун башында эле Петр I поляк падышасы Август менен Россия жеңет, Лифляндия Швециядан бөлүнүп Польшага өтөт деп макулдашат. Бирок 1706-жылы шведдерден жеңилгенден кийин Август Россия менен болгон коалициядан чыгып кеткен. Петр муну чыккынчылык катары баалап, Лифляндияны берүү ниетинен кайткан. Мына ошондуктан ал тынчтык келишиминде Прибалтиканы Стокгольмдон жөн гана басып албастан, сатып алып жатканын жана бул жерлерге үчүнчү тараптын эч кандай доосу болбошу керектигин көрсөтүүнү чечкен", — деп түшүндүрдү тарыхчы. Жыйынтыгында Россия Балтика деңизине чыгуу аркылуу эл аралык аренада жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Ал эми 1721-жылдын ноябрында Петр I өлкөнү Россия империясы деп жарыялаган. Мындай илгерилөөнү баары эле дароо кабыл алган эмес. Улуу Британия менен Австрия Россияны империя катары 1742-жылы, Франция 1745-жылы, Испания 1759-жылы, ал эми Речь Посполитая 1764-жылы гана тааныган.
россия империясы
литва
латвия
балтика
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103580172_0:18:484:381_1920x0_80_0_0_8b2d8a1d0ed6d08a16c0d3a8f072b96c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия империясы, литва, латвия, петр i, балтика, согуш, келишим, видео, видео
россия империясы, литва, латвия, петр i, балтика, согуш, келишим, видео, видео
Россиянын тарыхындагы Ништадт тынчтык келишиминин орду жана шарапаты. Видео
Россия империясынын жарыяланышы, Прибалтиканын "сатып алынышы" деген орус тарыхынын бир өңүрү бар. 1721-жылдын 10-сентябрында Россия менен Швеция Ништадт тынчтык келишимине кол коет. Бул кепке келүү 21 жылга созулган Түндүк согушту токтоткон
Кармашта жеңүүчү тарап деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, жеңилген тарап акча алган.
Тынчтык келишиминин шарты боюнча, Петр I шведдерден Эстляндия менен Лифляндияны (азыркы Эстония жана Латвиянын чыгыш бөлүгү) "сатып алган". Россия компенсация катары эки миллион "ефимок" төлөп берген. Россиянын аскердик-тарыхый коомунун илимий директору Михаил Мягковдун айтымында, бул 56 тонна күмүшкө же ошол кездеги Швециянын бир жылдык бюджетине тете болгон.
Россия менен Швециянын ортосунда түбөлүктүү тынчтык орнотулган;
Россия Карелиянын бир бөлүгүн жана Ингерманландияны өзүнө каратып алган;
орус аскерлери ээлеп алган Финляндия Швецияга кайтарылган;
эки тарап туткундарды алмашкан;
чыккынчы Мазепанын жактоочуларынан башка качып өткөндөрдүн баарына мунапыс берилген;
Россиянын курамына жаңы кирген аймактардын тургундарына дин тутуу эркиндигине кепилдик берилген.
"Бүгүнкү күндө Балтика боюндагы өлкөлөрдүн мектеп окуу китептеринде Түндүк согушу Россиянын Прибалтикага каршы баскынчылыгы катары көрсөтүлүп келет. Мындай түшүндүрмө аргасыздан жылмайтат. Анткени Швециянын колониясы болуп турган кезде бул эл эч кандай укукка ээ эмес болчу. Швед падышалыгында латыш жана эстон дыйкандары иш жүзүндө "төмөнкү сорттогу адамдар" катары саналып, Стокгольм аларды тек гана салык төлөөчүлөр жана фронтко жиберилчү, өлүмү эч нерсеге арзыбаган жөнөкөй аскер ресурсу катары караган", — деди Мягков.
Эмне үчүн Петр I Прибалтиканы жөн гана тартып албастан, сатып алган?
"Согуштун башында эле Петр I поляк падышасы Август менен Россия жеңет, Лифляндия Швециядан бөлүнүп Польшага өтөт деп макулдашат. Бирок 1706-жылы шведдерден жеңилгенден кийин Август Россия менен болгон коалициядан чыгып кеткен. Петр муну чыккынчылык катары баалап, Лифляндияны берүү ниетинен кайткан. Мына ошондуктан ал тынчтык келишиминде Прибалтиканы Стокгольмдон жөн гана басып албастан, сатып алып жатканын жана бул жерлерге үчүнчү тараптын эч кандай доосу болбошу керектигин көрсөтүүнү чечкен", — деп түшүндүрдү тарыхчы.
Жыйынтыгында Россия Балтика деңизине чыгуу аркылуу эл аралык аренада жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Ал эми 1721-жылдын ноябрында Петр I өлкөнү Россия империясы деп жарыялаган. Мындай илгерилөөнү баары эле дароо кабыл алган эмес. Улуу Британия менен Австрия Россияны империя катары 1742-жылы, Франция 1745-жылы, Испания 1759-жылы, ал эми Речь Посполитая 1764-жылы гана тааныган.