https://sputnik.kg/20260906/kok-boru-kokpar-syjlyk-1103487349.html
Көк бөрү чемпиондору 5 млн., жер улактын жеңүүчүлөрү 3 млн. сом алып, мыктылар аныкталды
Көк бөрү чемпиондору 5 млн., жер улактын жеңүүчүлөрү 3 млн. сом алып, мыктылар аныкталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү жана көкпар (жер улак) оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо... 06.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-06T14:34+0600
2026-09-06T14:34+0600
2026-09-06T15:02+0600
кыргызстан
көк бөрү
жер улак
көкпар
финал
сыйлоо
акча
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — 2026. соңку маалыматтар
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103487078_0:0:2560:1441_1920x0_80_0_0_5a31ee6871cc8777fdebf2299cf4e334.jpg
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү жана көкпар (жер улак) оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Көк бөрү боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүнө (Кыргызстан) 5 миллион сом берилди. Экинчи орунду алган Казакстан 3,1 миллион, үчүнчү орундагы Россия 2,5 миллион, төртүнчү болгон Тажикстан 1 миллионсом алды. Ал эми жер улак боюнча алтын медаль жеңген Кыргызстанга 3 миллион сом тапшырылды. Казакстан 2, Россия 1 миллион, Өзбекстан 500 миң сом алды. Сыйлыктардын көлөмүндөгү айырма мелдештерди уюштурган тараптарга жана тиешелүү федерацияларга байланыштуу. Көк бөрү боюнча мелдешти кыргыз тарап, ал эми жер улакты казак тарап жөнгө салат. Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу деп Кыяз Ниязов табылды. Улакчыга 300 миң сом ыйгарылган. Ал эми көкпардан Өмүрбек Эсен уулу аныкталып, сыйлыкты UFC чемпиону Валентина Шевченко тапшырды. Эскерте кетсек, эки онюдун финалында тең Кыргызстан менен Каазкстандын командалары кез келди. Көк бөрүдөн кыргыз тарап казак атаандаштарын 12:0 эсебинде жеңсе, жер улакта 7:2 эсеби менен утуп, тарыхта биринчи жолу чемпион аталды.
https://sputnik.kg/20260906/ordo-boyuncha-zhyjyntyk-1103483660.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103487078_505:0:2426:1441_1920x0_80_0_0_6588903df848442f06ddcabcc9d4fe0b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, көк бөрү, жер улак, көкпар, финал, сыйлоо, акча
кыргызстан, көк бөрү, жер улак, көкпар, финал, сыйлоо, акча
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү жана көкпар (жер улак) оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.
Көк бөрү боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүнө (Кыргызстан) 5 миллион сом берилди. Экинчи орунду алган Казакстан 3,1 миллион, үчүнчү орундагы Россия 2,5 миллион, төртүнчү болгон Тажикстан 1 миллионсом алды.
Ал эми жер улак боюнча алтын медаль жеңген Кыргызстанга 3 миллион сом тапшырылды. Казакстан 2, Россия 1 миллион, Өзбекстан 500 миң сом алды.
Сыйлыктардын көлөмүндөгү айырма мелдештерди уюштурган тараптарга жана тиешелүү федерацияларга байланыштуу. Көк бөрү боюнча мелдешти кыргыз тарап, ал эми жер улакты казак тарап жөнгө салат.
Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу деп Кыяз Ниязов табылды. Улакчыга 300 миң сом ыйгарылган.
Ал эми көкпардан Өмүрбек Эсен уулу аныкталып, сыйлыкты UFC чемпиону Валентина Шевченко тапшырды.
Эскерте кетсек, эки онюдун финалында тең Кыргызстан менен Каазкстандын командалары кез келди. Көк бөрүдөн кыргыз тарап казак атаандаштарын 12:0 эсебинде
жеңсе, жер улакта 7:2 эсеби менен утуп, тарыхта биринчи жолу чемпион
аталды.