Күтүүсүз медаль: АКШ курамасы ордо мелдешинде экинчи орунга ээ болду
Күтүүсүз медаль: АКШ курамасы ордо мелдешинде экинчи орунга ээ болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ордо боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен... 06.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-06T12:54+0600
2026-09-06T12:54+0600
2026-09-06T15:02+0600
кыргызстан
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
кырчын
ордо
акш
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — 2026. соңку маалыматтар
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ордо боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курамасы биринчи орунду ээлеп, 500 миң сом уткан. Ал эми АКШ командасы күмүш байгеге ээ болуп, 400 миң сом алса, үчүнчү орун үчүн Казакстанга 300 миң сом берилген. Кырчын жайлоосунда ордо боюнча өткөн таймашка 13 мамлекеттин командасы катышты.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ордо боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курамасы биринчи орунду ээлеп, 500 миң сом уткан. Ал эми АКШ командасы күмүш байгеге ээ болуп, 400 миң сом алса, үчүнчү орун үчүн Казакстанга 300 миң сом берилген.
Кырчын жайлоосунда ордо боюнча өткөн таймашка 13 мамлекеттин командасы катышты.