https://sputnik.kg/20260905/grushko-rossiya-gazy-evrobirimdik-chektoolor-1103470185.html
РФ ТИМи: ЕБ Россия газынан баш тарткандан кийин бармагын тиштейт
РФ ТИМи: ЕБ Россия газынан баш тарткандан кийин бармагын тиштейт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Евробиримдик Россиядан газ импорттоого толук тыюу салуу күчүнө киргенден кийин өзүнүн абалы канчалык оорлошорун түшүнөт. Мындай... 05.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-05T11:26+0600
2026-09-05T11:26+0600
2026-09-05T11:26+0600
дүйнөдө
россия
европа
газ
https://sputnik.kg/img/07e9/03/15/1092800942_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_a309039adfd607087c3da99a118a7c66.jpg
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Евробиримдик Россиядан газ импорттоого толук тыюу салуу күчүнө киргенден кийин өзүнүн абалы канчалык оорлошорун түшүнөт. Мындай пикирин РФ тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко билдиргенин РИА Новости жазды.Ал жаратылыш газы дүйнөлүк деңгээлде жогорку суроо-талапка ээ экенин, ал эми Россия көптөгөн мамлекеттер менен мыкты ишкердик байланыштарды кармап турганын баса белгиледи.Буга чейин Евробиримдик кеңеши Россиянын суюлтулган жаратылыш газынан жана куур аркылуу келүүчү газынан этап-этабы менен баш тартуу тууралуу регламентти бекиткен. Кыска мөөнөттүү келишимдер боюнча суюлтулган жаратылыш газын импорттоого тыюу салуу 2026-жылдын 25-апрелинде күчүнө кирди. Ал эми узак мөөнөттүү келишимдер боюнча тыюу 2027-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Куур аркылуу жеткирилүүчү газга карата чектөө кыска мөөнөттүү келишимдер үчүн 2026-жылдын 17-июнунан, узак мөөнөттүүлөр үчүн 2027-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет.Чыгыш экономикалык форуму 1-сентябрдан 4-сентябрга чейин Владивосток шаарында өттү.
https://sputnik.kg/20260904/germaniyanyn-yraakka-atyluuchu-sistemasy-buta-1103443881.html
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/15/1092800942_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_acb8e43a158ccac1e07d162e73e67844.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, европа, газ
дүйнөдө, россия, европа, газ
РФ ТИМи: ЕБ Россия газынан баш тарткандан кийин бармагын тиштейт
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Евробиримдик Россиядан газ импорттоого толук тыюу салуу күчүнө киргенден кийин өзүнүн абалы канчалык оорлошорун түшүнөт. Мындай пикирин РФ тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко билдиргенин
РИА Новости жазды. Ал жаратылыш газы дүйнөлүк деңгээлде жогорку суроо-талапка ээ экенин, ал эми Россия көптөгөн мамлекеттер менен мыкты ишкердик байланыштарды кармап турганын баса белгиледи.
“Биздин газ суроо-талапка ээ бойдон кала берет, ал эми Евробиримдик бармагын тиштеп калат”, — деген Грушко Чыгыш экономикалык форумунун алкагында.
Буга чейин Евробиримдик кеңеши Россиянын суюлтулган жаратылыш газынан жана куур аркылуу келүүчү газынан этап-этабы менен баш тартуу тууралуу регламентти бекиткен. Кыска мөөнөттүү келишимдер боюнча суюлтулган жаратылыш газын импорттоого тыюу салуу 2026-жылдын 25-апрелинде күчүнө кирди. Ал эми узак мөөнөттүү келишимдер боюнча тыюу 2027-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Куур аркылуу жеткирилүүчү газга карата чектөө кыска мөөнөттүү келишимдер үчүн 2026-жылдын 17-июнунан, узак мөөнөттүүлөр үчүн 2027-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет.
Чыгыш экономикалык форуму 1-сентябрдан 4-сентябрга чейин Владивосток шаарында өттү.