00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

“Спортчунун кулагы айрылган”. Министр ДКОдогу көчмө клиниканын ишин айтып берди

© Фото / пресс-служба Минздрава КРДКОдогу көчмө клиника
ДКОдогу көчмө клиника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам алуу үчүн жалпысынан 1 342 адам кайрылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.
Ысык-Көл облусунун бардык аянттарында ДКOнун медициналык камсыздоосу күчөтүлгөн тартипте уюштурулуп, ага 340 медицина кызматкери тартылды. Мелдештер жана уюштуруу иш-чаралары өтүп жаткан бардык жайларда тез жардам унаалары нөөмөттө турат, медпунктулар ачылып, ӨКМдин мобилдик госпиталы иштеп жатат.
Жалпы кайрылган 1 342 кишинин 135и — чет элдик жарандар. Ошондой эле 229 адам жаракат алса, анын 81и оор же шашылыш жардамды талап кылган учурлар болгон. Жыйынтыгында 54 бейтап ооруканага жаткырылды.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борбору атайын нөөмөтчү клиника катары бекитилген. 27-августтан бери ал жакка 2 миңге чукул адам кайрылса, алардын жарымына жакыны сырттан келгендер, оюндардын меймандары жана катышуучулары болгон. Аталган борборго 200дөй киши жаткырылды. Ысык-Көл облусунун бардык клиникалары күнү-түнү иштеп жатат, кырдаал көзөмөлдө экенин министр баса белгиледи.
Осмонов буга чейин жүрөгүнө стент коюлган бир бейтап тууралуу да айтып берди. Ал инфаркт абалында кайрылып, диагнозу мобилдик клиникада коюлган. Бейтап ӨКМ менен биргеликте тик учак аркылуу Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилди. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.
Кырчындагы медициналык бригада 29-августтан тарта иштеп, негизинен машыгуу учурунда жаракат алган спортчуларга жардам көрсөтүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин аларга 150дөн ашуун бейтап кайрылган. Алардын катарында жаагы жабыркап, кулагы айрылган өзбекстандык спортчу бар. Ага жаак-бет хирургдары операция жасап, учурда ал эки күндө бир таңгычын алмаштырууга келип жатат. Ал эми казакстандык балбандын айрылган кулагы мелдештин биринчи күнү эле тигилген. Ат чабышта аттан кулап, туяк алдында калган америкалык чабендес үч кабыргасын сындырып алган. Бирок аны ооруканага жаткыруунун кажети болгон жок — дарыгерлер биринчи жардам көрсөтүп, сунуштарын берген соң, ал эртеси эле кайрадан мелдешке чыккан.
Көчмө клиника рентген аппараты, УЗИ жана ЭКГ менен жабдылган, ал эми жаак-бет хирургдарында стоматологиялык жабдыктары бар.
Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2026
Көк бөрү менен көкпардын финалдык беттештерин кайдан көрсө болот? Даректер
Жаңылыктар түрмөгү
0