https://sputnik.kg/20260904/zhyldyn-mykty-mugalimine-batir-berilet-1103458672.html
"Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүсүнө батир берилет
"Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүсүнө батир берилет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. 23-25-сентябрь күндөрү Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынактарынын финалдык этабы... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T15:42+0600
2026-09-04T15:42+0600
2026-09-04T15:42+0600
кыргызстан
бишкек
агартуу министрлиги
мугалим
сынак
финал
тарбиячы
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1e/1081653810_0:119:2727:1653_1920x0_80_0_0_91cef4fb4048c522749a4058c6cda6b9.jpg
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. 23-25-сентябрь күндөрү Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынактарынын финалдык этабы өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, акыркы баскычка конкурстардын облустук жана шаардык этабынын жыйынтыгы менен тандалган 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 28 педагогикалык кызматкери катышат. "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунда педагогдор 18 номинация боюнча күч сынашат. Финалдык этап "Педагогикалык кырдаалдар", "Мастер-класс" жана "Сабак" аталышындагы үч этаптан турат. Ал эми "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагында тарбиячы, методист, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи категориялары боюнча катышуучулар өз ара таймашат. Алар кесиптик тажрыйбасын көрсөтүп, тесттик тапшырмаларды аткарып, санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс өтүшөт. "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунун жалпы жыйынтыгында эң жогорку упай алган катышуучу баш байгеге ээ болуп, сыйлык катары батир алат. Ошондой эле жеңүүчүлөргө номинациялар боюнча президенттин фондунан акчалай сыйлыктар берилет. "Жылдын мыкты тарбиячысы" конкурсунун жыйынтыгы менен төрт мыкты педагог президенттин фондунан акчалай сыйлык алат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда, Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата борбор калаада өтөт.
https://sputnik.kg/20260326/kyrgyzstandyk-mugalim-kmshnyn-mykty-pedagogu-ataldy-1100442473.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1e/1081653810_0:2:2727:2047_1920x0_80_0_0_e612cd97da8593dcaa68d29816294b65.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, агартуу министрлиги, мугалим, сынак, финал, тарбиячы
кыргызстан, бишкек, агартуу министрлиги, мугалим, сынак, финал, тарбиячы
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. 23-25-сентябрь күндөрү Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынактарынын финалдык этабы өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, акыркы баскычка конкурстардын облустук жана шаардык этабынын жыйынтыгы менен тандалган 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 28 педагогикалык кызматкери катышат.
"Жылдын мыкты мугалими" конкурсунда педагогдор 18 номинация боюнча күч сынашат. Финалдык этап "Педагогикалык кырдаалдар", "Мастер-класс" жана "Сабак" аталышындагы үч этаптан турат.
Ал эми "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагында тарбиячы, методист, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи категориялары боюнча катышуучулар өз ара таймашат. Алар кесиптик тажрыйбасын көрсөтүп, тесттик тапшырмаларды аткарып, санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс өтүшөт.
"Жылдын мыкты мугалими" конкурсунун жалпы жыйынтыгында эң жогорку упай алган катышуучу баш байгеге ээ болуп, сыйлык катары батир алат. Ошондой эле жеңүүчүлөргө номинациялар боюнча президенттин фондунан акчалай сыйлыктар берилет.
"Жылдын мыкты тарбиячысы" конкурсунун жыйынтыгы менен төрт мыкты педагог президенттин фондунан акчалай сыйлык алат.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда, Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата борбор калаада өтөт.