https://sputnik.kg/20260904/aksh-ukraina-biolaboratoriya-karzhyloo-1103441323.html
Америкалык саясатчы АКШ Украинадагы биолабораторияларды каржылаганын моюндады
Америкалык саясатчы АКШ Украинадагы биолабораторияларды каржылаганын моюндады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. АКШ Украинадагы биологиялык лабораториялардын ишин каржылаган. Бул тууралуу америкалык саясатчы Кимберли Лоу Чыгыш экономикалык... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T09:15+0600
2026-09-04T09:15+0600
2026-09-04T09:37+0600
дүйнөдө
акш
украина
биолаборатория
чыгыш экономикалык форум
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0e/1063657788_157:547:2825:2048_1920x0_80_0_0_af72682081441551ad643c1b4a5fe2eb.jpg
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. АКШ Украинадагы биологиялык лабораториялардын ишин каржылаган. Бул тууралуу америкалык саясатчы Кимберли Лоу Чыгыш экономикалык форумунда билдиргенин РИА Новости жазды. Лоу аталган жайлардын ишин япондордун 1940-жылдары адамдарга жасаган эксперименттери менен салыштырган. Саясатчы анда кишилерге кооптуу вирустарды жуктуруп изилдөөлөр жүргөнүн эске салды. Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Улуттук чалгын кызматынын документтери ачыкталып, анда Кошмо Штаттар Украинада америкалык аскер институттары менен иш алып барган биолабораторияларды курганы айтылган. Жалпы жонунан өлкөдө Вашингтондун каржылоосу менен иштеген 40 лаборатория бар. Россия АКШ биологиялык курал иштеп чыгууну каржылап, тыюу салынганына карабай Украинада ондогон биолабораторияларды жайгаштырып жатканын бир нече ирет билдирген. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, атайын операция башталгандан бери ал лабораториялардын материалдары Украинадан чыгарылып кеткен. АКШнын мурунку президенти Жо Байдендин администрациясы Украинада химиялык жана биологиялык лабораториялары бар экенин четке кагып келген.
https://sputnik.kg/20260515/akshnyn-biolaboratoriyalary-1101346681.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0e/1063657788_381:478:2475:2048_1920x0_80_0_0_27c1448836fc5e5668033ecd144fff5e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, биолаборатория, чыгыш экономикалык форум
дүйнөдө, акш, украина, биолаборатория, чыгыш экономикалык форум
Америкалык саясатчы АКШ Украинадагы биолабораторияларды каржылаганын моюндады
09:15 04.09.2026 (Жаңыртылды: 09:37 04.09.2026) БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. АКШ Украинадагы биологиялык лабораториялардын ишин каржылаган. Бул тууралуу америкалык саясатчы Кимберли Лоу Чыгыш экономикалык форумунда билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Биз Украинадагы биолабораторияларды каржылаганбыз", — деди ал.
Лоу аталган жайлардын ишин япондордун 1940-жылдары адамдарга жасаган эксперименттери менен салыштырган. Саясатчы анда кишилерге кооптуу вирустарды жуктуруп изилдөөлөр жүргөнүн эске салды.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Улуттук чалгын кызматынын документтери ачыкталып, анда Кошмо Штаттар Украинада америкалык аскер институттары менен иш алып барган биолабораторияларды курганы айтылган. Жалпы жонунан өлкөдө Вашингтондун каржылоосу менен иштеген 40 лаборатория бар.
Россия АКШ биологиялык курал иштеп чыгууну каржылап, тыюу салынганына карабай Украинада ондогон биолабораторияларды жайгаштырып жатканын бир нече ирет билдирген. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, атайын операция башталгандан бери ал лабораториялардын материалдары Украинадан чыгарылып кеткен. АКШнын мурунку президенти Жо Байдендин администрациясы Украинада химиялык жана биологиялык лабораториялары бар экенин четке кагып келген.