00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектеги ШКУ саммитинде маанилүү документтерге кол коюлду. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн, 1-сентябрда, Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Кабыл алынган документтердин тизмеси:
Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгынын Бишкек декларациясы;
Шанхай кызматташтык уюмунун 2002-жылдын 7-июнундагы Хартиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна болгон коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу боюнча универсалдуу борбор жөнүндө жобо;
Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизатка каршы борборунун Аткаруу комитети жөнүндө жобо;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин баңгиликке каршы күрөшүү боюнча 2030-жылга чейинки өз ара аракеттенүү программасы;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин синтетикалык баңгизаттардын жана алардын прекурсорлорунун жайылышына каршы күрөшүүдөгү чараларды координациялоо боюнча 2030-жылга чейинки программасы;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2026–2028-жылдарга эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү планы;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу башкаруу боюнча демилгеси;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2026–2031-жылдарга биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу башкаруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2026–2030-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун "Жашыл технологиялык коридорун" калыптандыруу боюнча кызматташтык программасы (илимий-техникалык кызматташтык);
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2026–2030-жылдарга портторун жана логистикалык борборлорун өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы (жол картасы);
Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча аймактык борборлорду (дата-борборлорду), эсептөө кубаттуулуктарын түзүү жана жасалма интеллект индустриясын өнүктүрүү концепциясы;
Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Африка биримдигинин комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу;
Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн котормо менен камсыздоо жөнүндө;
Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарын 2026–2027-жылдарда Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
Шанхай кызматташтык уюмунун ак ниет элчиси ардактуу наамы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечимдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө;
Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы;
Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн кеңешинин ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин ядролук жана физикалык ядролук коопсуздуктун урматына көп тараптуу өнөктөштүктү чыңдоо боюнча декларациясы;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулук жаатындагы өз ара кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин энергетикалык системалар чөйрөсүндөгү өз ара кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин үй-бүлө институтун колдоо жана бекемдөө жөнүндө билдирүүсү;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган мамлекеттерге жардам көрсөтүү жөнүндө билдирүүсү.
Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы 2010-жылдын 11-июнундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө меморандум;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы жасалма интеллект жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум;
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу ведомстволорунун ортосундагы маалыматтык чөйрөдө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум.
ШКУ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2026
Бишкектеги ШКУ саммитинен эмнени күтүүгө болот? Эксперттердин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0