https://sputnik.kg/20260827/1103227833.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата учкучсуз учуучу аппараттардын жана жалпы авиациялык учактардын учууларына убактылуу чектөөлөр... 27.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-27T11:00+0600
2026-08-27T11:00+0600
2026-08-27T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1b/1103227667_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4a5bd1c281f636f1d1fddec4b36aa1fb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата учкучсуз учуучу аппараттардын жана жалпы авиациялык учактардын учууларына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чаралар учуу коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. 27-августтан 10-сентябрга чейин — Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Чүй облусу; 10–15-сентябрда — Бишкек шаары, Чүй жана Талас облусу. Агенттиктен белгилешкендей, бул мезгилдерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар киргизилген режимдин сакталышын көзөмөлдөйт. Жогорудагы аймактарда ар кандай уруксатсыз учуу дароо токтотулат. “Бул талаптарды бузган жеке адамдар, кызмат адамдары жана юридикалык жактар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат”, — деп билдиришти агенттиктен.
Корумдуда дайынсыз болгон үчүнчү альпинистти издөө токтотулду Буга тынымсыз таш кулап, кар көчкү түшүп жатканы себеп болгонун ыктыярчылардын штабы билдирди. Табылган эки альпинисттин сөөгүн таануу процедурасы бүгүн болот. “Таануу процедурасы аяктаганга чейин маркумдардын аты-жөнү ачыкталбайт. Ага чейин жарыяланган бардык ысымдар, ким айтпасын, чындыкка дал келбейт”, — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле издөө үчүн акча чогултуу токтотулганы кошумчаланды. Жалпы 109 миң евро жыйналган.
Токмокто жаран айдоочулук күбөлүк үчүн экзаменге акылдуу саат, кулакчын, телефон жана микрофон алып кирген. Бул тууралуу Айдоочулукка окутуу жана сынак тапшыруу үчүн мамлекеттик борбордон билдиришти. Маалыматка ылайык, бардык далил буюмдар мындан аркы териштирүү үчүн Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине өткөрүп берилди. Ведомство айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык жана практикалык сынактар талапкердин жол эрежелери боюнча билимин калыс баалоого багытталганын эскертти. Ошондой эле жарандарды эрежелерди так сактоого жана экзамендерди өз билими менен гана тапшырууга чакырды.
АКШнын Юстиция министрлиги Ирандын мунай танкерлерин олжолоп алуу жол-жобосун жеңилдетүү үчүн көптөн бери иштебей турган аскер-деңиз сотун кайра жандандырууга даярданып жатат. Бул тууралуу Bloomberg өзүнүн мааламыт булактарына таянуу менен жазды. Максат — Ирандын блокадасын күчөтүп, жаңжалга кеткен чыгымдын ордун толтуруу. Бирок агенттиктин эксперттери бул демилге бир катар юридикалык кыйынчылыктарга туш болорун болжолдошууда. Демилгени ишке ашыруучу жер катары Техастын Түштүк округунун биринчи инстанциядагы федералдык соту каралып жатат. Себеби, Хьюстон портунда жайгашкан мунай-химиялык комплекс олжолонгон нефтинин ири көлөмүн сактоого ылайыктуу деп табылууда. Агенттиктин түшүндүрмөсүнө ылайык, аталган соттор — согуш учурунда душмандын кемелери менен жүгүн олжолоп алууну мыйзамдаштырган атайын трибунал. Алар XVIII–XIX кылымдарда кеңири колдонулуп, мамлекетке колго түшүрүлгөн мүлктү өзүнө өткөрүп, сатып жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген. АКШ мындай сотторду акыркы жолу 1898-жылдагы испан-америка согушунда колдонгон.
ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата учкучсуз учуучу аппараттардын жана жалпы авиациялык учактардын учууларына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чаралар учуу коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. 27-августтан 10-сентябрга чейин — Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Чүй облусу; 10–15-сентябрда — Бишкек шаары, Чүй жана Талас облусу. Агенттиктен белгилешкендей, бул мезгилдерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар киргизилген режимдин сакталышын көзөмөлдөйт. Жогорудагы аймактарда ар кандай уруксатсыз учуу дароо токтотулат. “Бул талаптарды бузган жеке адамдар, кызмат адамдары жана юридикалык жактар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат”, — деп билдиришти агенттиктен.Корумдуда дайынсыз болгон үчүнчү альпинистти издөө токтотулду Буга тынымсыз таш кулап, кар көчкү түшүп жатканы себеп болгонун ыктыярчылардын штабы билдирди. Табылган эки альпинисттин сөөгүн таануу процедурасы бүгүн болот. “Таануу процедурасы аяктаганга чейин маркумдардын аты-жөнү ачыкталбайт. Ага чейин жарыяланган бардык ысымдар, ким айтпасын, чындыкка дал келбейт”, — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле издөө үчүн акча чогултуу токтотулганы кошумчаланды. Жалпы 109 миң евро жыйналган. Токмокто жаран айдоочулук күбөлүк үчүн экзаменге акылдуу саат, кулакчын, телефон жана микрофон алып кирген. Бул тууралуу Айдоочулукка окутуу жана сынак тапшыруу үчүн мамлекеттик борбордон билдиришти. Маалыматка ылайык, бардык далил буюмдар мындан аркы териштирүү үчүн Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине өткөрүп берилди. Ведомство айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык жана практикалык сынактар талапкердин жол эрежелери боюнча билимин калыс баалоого багытталганын эскертти. Ошондой эле жарандарды эрежелерди так сактоого жана экзамендерди өз билими менен гана тапшырууга чакырды.АКШнын Юстиция министрлиги Ирандын мунай танкерлерин олжолоп алуу жол-жобосун жеңилдетүү үчүн көптөн бери иштебей турган аскер-деңиз сотун кайра жандандырууга даярданып жатат. Бул тууралуу Bloomberg өзүнүн мааламыт булактарына таянуу менен жазды. Максат — Ирандын блокадасын күчөтүп, жаңжалга кеткен чыгымдын ордун толтуруу. Бирок агенттиктин эксперттери бул демилге бир катар юридикалык кыйынчылыктарга туш болорун болжолдошууда. Демилгени ишке ашыруучу жер катары Техастын Түштүк округунун биринчи инстанциядагы федералдык соту каралып жатат. Себеби, Хьюстон портунда жайгашкан мунай-химиялык комплекс олжолонгон нефтинин ири көлөмүн сактоого ылайыктуу деп табылууда. Агенттиктин түшүндүрмөсүнө ылайык, аталган соттор — согуш учурунда душмандын кемелери менен жүгүн олжолоп алууну мыйзамдаштырган атайын трибунал. Алар XVIII–XIX кылымдарда кеңири колдонулуп, мамлекетке колго түшүрүлгөн мүлктү өзүнө өткөрүп, сатып жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген. АКШ мындай сотторду акыркы жолу 1898-жылдагы испан-америка согушунда колдонгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1b/1103227667_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_640d4b29300667728b846d3e53ab850e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио