https://sputnik.kg/20260827/1103223954.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанга документтери жок ташылып келген мопед жана скутерлерди мыйзамдаштырууну сунуштады."Жол кыймылы жөнүндө"... 27.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-27T08:59+0600
2026-08-27T08:59+0600
2026-08-27T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1b/1103223788_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c4ac4687d1004236dbf16d04c73673a6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанга документтери жок ташылып келген мопед жана скутерлерди мыйзамдаштырууну сунуштады."Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга ылайык, мындай унаа каражаттарынын ээлери аларды милдеттүү түрдө катташы керек, ал эми айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Бекешев өлкөгө алып келинген көптөгөн мопед-скутерлердин тиешелүү документтери жок экенин белгиледи. Анын айтымында, колдо болгон кагаздарда көбүнчө кыймылдаткычтын көлөмү, электр моторунун кубаттуулугу жана башка көрсөткүчтөрү туура эмес жазылып калган, ал эми айдоочулардын көбүндө бир гана сатып алган инвойсу бар. Эгер үч айдын ичинде бул унаалар каттоодон өтпөсө, ээлерине айып пул салына баштайт. Депутат бул жагдай жеткирүү кызматында иштеген курьерлерге жана жеке ишкерлерге сокку болуп, алардын кирешесиз калышына жана жумушсуздукка алып келиши мүмкүн деп эсептейт.Бекешев минкаб төрагасына мопеддер менен скутерлерди мыйзамдаштыруу жараянын баштоо сунушу менен кат жөнөтүүнү көздөп жатат.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” билдирди.Сапардын жүрүшүндө эки өлкө лидерлери кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.Мындан тышкары, Кытай лидери өлкөдө өтө турган бир катар ири иш-чараларга катышат: Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанатка; Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына; Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине барат.
Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо тартиби өзгөрөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 1-сентябрдан тартып министрлер кабинетинин токтому менен жөлөк пул алууга муктаждыкты аныктоонун жаңы критерийлери киргизилет. Ага ылайык, кепилденген эң төмөнкү киреше 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин жогорулатылат. Ошондой эле үй-бүлөнүн жеңил унаасынын чыгарылганына 15 жылдан ашкан болсо, жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгү каралат. Мындан тышкары, эки жана андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөк пул алуудан четтетилет. Айыл жерлеринде жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешени эсептөө нормативдери да жаңыланат. Өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жөлөк пул менен камтууну кеңейтүүгө жана социалдык жардамдын даректүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанга документтери жок ташылып келген мопед жана скутерлерди мыйзамдаштырууну сунуштады."Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга ылайык, мындай унаа каражаттарынын ээлери аларды милдеттүү түрдө катташы керек, ал эми айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Бекешев өлкөгө алып келинген көптөгөн мопед-скутерлердин тиешелүү документтери жок экенин белгиледи. Анын айтымында, колдо болгон кагаздарда көбүнчө кыймылдаткычтын көлөмү, электр моторунун кубаттуулугу жана башка көрсөткүчтөрү туура эмес жазылып калган, ал эми айдоочулардын көбүндө бир гана сатып алган инвойсу бар. Эгер үч айдын ичинде бул унаалар каттоодон өтпөсө, ээлерине айып пул салына баштайт. Депутат бул жагдай жеткирүү кызматында иштеген курьерлерге жана жеке ишкерлерге сокку болуп, алардын кирешесиз калышына жана жумушсуздукка алып келиши мүмкүн деп эсептейт.Бекешев минкаб төрагасына мопеддер менен скутерлерди мыйзамдаштыруу жараянын баштоо сунушу менен кат жөнөтүүнү көздөп жатат.Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” билдирди.Сапардын жүрүшүндө эки өлкө лидерлери кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.Мындан тышкары, Кытай лидери өлкөдө өтө турган бир катар ири иш-чараларга катышат: Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанатка; Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына; Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине барат. Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо тартиби өзгөрөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 1-сентябрдан тартып министрлер кабинетинин токтому менен жөлөк пул алууга муктаждыкты аныктоонун жаңы критерийлери киргизилет. Ага ылайык, кепилденген эң төмөнкү киреше 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин жогорулатылат. Ошондой эле үй-бүлөнүн жеңил унаасынын чыгарылганына 15 жылдан ашкан болсо, жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгү каралат. Мындан тышкары, эки жана андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөк пул алуудан четтетилет. Айыл жерлеринде жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешени эсептөө нормативдери да жаңыланат. Өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жөлөк пул менен камтууну кеңейтүүгө жана социалдык жардамдын даректүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1b/1103223788_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_af6a2d6495b3c6ccd3c304c9f434a64d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио