https://sputnik.kg/20260821/1103101516.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытайдын кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди жеңилдетүү чечимин кубаттады Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн... 21.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-21T08:59+0600
2026-08-21T08:59+0600
2026-08-21T09:13+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103101350_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c5d34776bec16cda33ba37f0de762e2a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытайдын кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди жеңилдетүү чечимин кубаттады Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. Ал Кытайга визасыз баруунун жол-жобосун түшүндүрдү. Кытайга визасыз кирүү үчүн кыргызстандыктарда үчүнчү өлкө аркылуу кайтып келүүсүн ырастаган, мисалы, Шанхай — Алматы — Бишкек же Пекин — Ташкент — Ош сыяктуу авиабилет болушу керек. Кытайга кирүүдө өлкө белгилеген 65 өткөрмө пунктунун бирин пайдаланууга болот. Мындан тышкары, кыргызстандыктарга Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берилди. Белгилей кетсек, визасыз режимди Кытай бир тараптуу негизде киргизүүдө. Ал эми Кытай жарандары Кыргызстанга кирүү үчүн азырынча виза алышы керек.
Кыргызстанда абанын булганышына таасирин тийгизген температуралык инверсияга мониторинг жүргүзүлө баштайт. Бул Борбор Азиядагы алгачкы долбоор болуп саналат. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызгидрометке 1000 метрге чейинки бийиктиктеги абанын температурасын өлчөөгө жана инверсияны аныктоого мүмкүндүк берген заманбап метеорологиялык жабдууларды тапшырды. “Бул — жер бетиндеги аба катмарынын кыймылы басаңдаган аба ырайы кубулушу. Натыйжада түтүн, чаң жана башка зыяндуу заттар жогору тарап кетпей шаардын үстүнө топтолуп, атмосфералык абанын сапатынын начарлашына алып келет”, — деп түшүндүрүштү министрликтен. Жаңы жабдуу кырдаалды такай көзөмөлдөп турууга жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча “негизделген чечимдерди кабыл алуу” үчүн аба ырайынын булганууга тийгизген таасирин тагыраак аныктоого жардам берет.
Монополияга каршы кызмат эл арзан бензин алыш үчүн мамлекет 1 млрд сомдой каражатты субсидиялап бергенин айтты Мекеменин маалыматына караганда, социалдык суроо талап-жогору болгон АИ-92 бензини, солярка жана автогаздын реалдуу баасы башка. Ортодогу айырманы мамлекет күйүүчү май ташыгандарга кенемте кылып берип жатканы белгиленген. Мисалы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин чыныгы баасы 111-118 сом. Бирок сатыктагы баасы 87,9 сомдон болууда. Ортодогу 23,1-30,1 айырманы мамлекет берип жатат. Ушу убакка чейин кенемте үчүн бюджеттен 1 млрд сомдой төлөнгөнү айтылды.
Кыргызстан июнь айында чет өлкөгө 91,8 килограмм алтын экспорттоду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, баалуу металлдын баары Швейцарияга жөнөтүлгөн. Буга чейин Кыргызстан алтынды акыркы жолу январь айында экспорттогон. Ошол учурда өлкөдөн 99 килограмм алтын чыгарылган. Андан кийин май айына чейин алтын экспорту боюнча соода катталган эмес. Ошентип, жыл башынан бери июнь айына карата жалпысынан 190,8 килограмм алтын экспорттолгон.
Кыргызстан Кытайдын кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди жеңилдетүү чечимин кубаттады Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. Ал Кытайга визасыз баруунун жол-жобосун түшүндүрдү. Кытайга визасыз кирүү үчүн кыргызстандыктарда үчүнчү өлкө аркылуу кайтып келүүсүн ырастаган, мисалы, Шанхай — Алматы — Бишкек же Пекин — Ташкент — Ош сыяктуу авиабилет болушу керек. Кытайга кирүүдө өлкө белгилеген 65 өткөрмө пунктунун бирин пайдаланууга болот. Мындан тышкары, кыргызстандыктарга Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берилди. Белгилей кетсек, визасыз режимди Кытай бир тараптуу негизде киргизүүдө. Ал эми Кытай жарандары Кыргызстанга кирүү үчүн азырынча виза алышы керек.Кыргызстанда абанын булганышына таасирин тийгизген температуралык инверсияга мониторинг жүргүзүлө баштайт. Бул Борбор Азиядагы алгачкы долбоор болуп саналат. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызгидрометке 1000 метрге чейинки бийиктиктеги абанын температурасын өлчөөгө жана инверсияны аныктоого мүмкүндүк берген заманбап метеорологиялык жабдууларды тапшырды. “Бул — жер бетиндеги аба катмарынын кыймылы басаңдаган аба ырайы кубулушу. Натыйжада түтүн, чаң жана башка зыяндуу заттар жогору тарап кетпей шаардын үстүнө топтолуп, атмосфералык абанын сапатынын начарлашына алып келет”, — деп түшүндүрүштү министрликтен. Жаңы жабдуу кырдаалды такай көзөмөлдөп турууга жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча “негизделген чечимдерди кабыл алуу” үчүн аба ырайынын булганууга тийгизген таасирин тагыраак аныктоого жардам берет. Монополияга каршы кызмат эл арзан бензин алыш үчүн мамлекет 1 млрд сомдой каражатты субсидиялап бергенин айтты Мекеменин маалыматына караганда, социалдык суроо талап-жогору болгон АИ-92 бензини, солярка жана автогаздын реалдуу баасы башка. Ортодогу айырманы мамлекет күйүүчү май ташыгандарга кенемте кылып берип жатканы белгиленген. Мисалы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин чыныгы баасы 111-118 сом. Бирок сатыктагы баасы 87,9 сомдон болууда. Ортодогу 23,1-30,1 айырманы мамлекет берип жатат. Ушу убакка чейин кенемте үчүн бюджеттен 1 млрд сомдой төлөнгөнү айтылды. Кыргызстан июнь айында чет өлкөгө 91,8 килограмм алтын экспорттоду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, баалуу металлдын баары Швейцарияга жөнөтүлгөн. Буга чейин Кыргызстан алтынды акыркы жолу январь айында экспорттогон. Ошол учурда өлкөдөн 99 килограмм алтын чыгарылган. Андан кийин май айына чейин алтын экспорту боюнча соода катталган эмес. Ошентип, жыл башынан бери июнь айына карата жалпысынан 190,8 килограмм алтын экспорттолгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103101350_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8c0726e724685bd25d3e7e5b5290a6c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио