00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Если разобраться...
35 лет ждали и 250 миллионов на глиняные дома — четыре темы недели в программе «Если разобраться»
12:05
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Жайыттарды коргоо: Кыргызстанда мототранспортко коюлган чектөөлөр күчөтүлдү
13:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартибин бекитти. Боршайкомдон маалымдашкандай, ошондой эле 19-августтагы жыйында президенттикке талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун иш тартиби бекитилди. Жаңы жобого ылайык, аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо жол-жоболору аныкталды. Ал эми жумушчу топ талапкерлердин шайлоо документтерин жана шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерет. Ошондой эле анын курамын түзүү, ишин уюштуруу жана текшерүүнүн жыйынтыктарын документтештирүү тартиби белгиленди. Мындан тышкары, БШК айрым мурда кабыл алынган чечимдерди күчүн жоготту деп тааныган токтомдорду кабыл алды.
"Түндүк" мобилдик тиркемесиндеги "Эмдөө тууралуу сертификат" кызматы кеңейтилди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эми жарандар COVID-19га каршы эмдөөдөн тышкары, бардык катталган профилактикалык эмдөөлөрү тууралуу электрондук сертификат ала алышат. Сертификат министрликтин маалыматтык системаларындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө түзүлөт. Анда вакцинанын аталышы, дозасы, эмделген күнү, сериясы жана өндүрүүчүсү көрсөтүлөт. Документ кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болуп, анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот. 18 жашка чейинки балдардын сертификатын ата-энелери өзүнүн "Түндүк" тиркемеси аркылуу ала алышат. Сертификатты телефонго сактап, электрондук түрдө жөнөтүүгө же басып чыгарууга болот. Бул үчүн медициналык мекемеге барып, кагаз маалымкат алуунун зарылдыгы жок.
Каракол шаарынын "Барс" футбол клубу Кыргызстандын 2026-жылкы Суперкубогун жеңип алды. Финалдык беттеште команда Бишкектин "Дордой" клубу менен кез келген. Турнир Бишкектеги "Алга" спорт комплексинде өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев атаандашын 2:0 менен жеңип алган командага Суперкубоктун баш байгеси 50 миң доллар тапшырды. Белгилей кетсек, "Барс" футболдук клубу өлкөнүн учурдагы чемпиону болсо, ал эми "Дордой" — 2025-жылкы Кыргызстан Кубогунун ээси. Эгер чемпионаттын жана Кубоктун жеңүүчүсү бир команда болсо, Суперкубокто ага чемпионаттын күмүш медалынын ээси атаандаш болот. Суперкубок үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аны рекорддук көрсөткүч менен "Дордой" клубу 6 ирет жеңген.
Иран эпке келбей койгондуктан АКШ ага каршы экономикалык согуш баштай турганын президент Дональд Трамп соцтармагы аркылуу билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Иранга менчелик эч ким мүмкүнчүлүк берген эмес. Бирок Тегеран аны колдоно алган жок. Ошондуктан буга чейин эч бир өлкөгө каршы жасала элек экономикалык операция башталарын жар салам", — деп жазган америкалык лидер. Трамп Иранга боор тарткан мамлекеттер да жабыркашы мүмкүн экенин эскертип, өзүнүн союздаштарын операцияны колдоого чакырды. Белгилей кетсек, июндун ортосунда тараптар тынчтык макулдашуусуна жол ачкан меморандумга кол койгон. Бирок үч жумадан кийин абал кайра курчуп, АКШ Иран Ормуздан өткөн кемелерге кол салып жатат деп кине койгон да атышуу жанданган. Андан кийин ортомчулардын аракети менен эки жак жаңы келишимдин шартын макулдашууга аракет кылып, бирок майнап чыккан эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0