00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Проект ЗЕВС, ГЛОНАСС и вакцина от Эболы — чем на самом деле может гордиться российская наука
14:07
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстандыктар Кытайга 240 саатка (10 сутка) визасыз кире алышат. Коңшу өлкөнүн иммиграцияны тескеген органы Кыргызстан жана Вьетнам жарандары үчүн эки визасыз режим киргизилгенин жарыялады. Ал ушул жылдын 20-августунан тарта иштейт. Биринчи тартипке ылайык, кыргызстандыктар Кытай аркылуу башка өлкөгө бара жатканын тастыктаган билети, так маршруту болсо 240 саатка чейин (10 сутка) визасыз жүрө алышат. Экинчи тартип боюнча Хайнань провинциясынын ачык порттору аркылуу кирип, анын аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрүүгө жол ачылды. Визасыз режимдин алкагында туризм, бизнес, иш сапар, туугандарга жана жакындарга баруу сыяктуу кыска мөөнөттүү иштерге уруксат берилет.
Ысык-Көлдө IV Россия-Кыргызстан медиафоруму башталды Иш чарага эки өлкөнүн студенттик медиаларынын, жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматтарынын жана жаштар редакцияларынын өкүлдөрү катышууда. Алар кибермейкиндиктеги коопсуздук жана маалыматтык майдандагы заманбап багыттар тууралуу маалымат алышып, тажрыйба алмашышат. РФтин жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский видео кайрылуусунда Россия менен Кыргызстанды жалпы тарых жана маданий жакындык байланыштырып турарын белгиледи. Эки өлкө билим берүү жана илим тармагындагы кызматташууну активдүү өнүктүрүп, биргелешкен программаларды ишке ашырып жатканын айтты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш аземине билет сатып алгандардын айрымдары акчасы төлөнгөнү менен электрондук билет түзүлбөй калганын билдирүүдө. Көйгөйгө туш болгондор нааразы пикирлерин эл аралык иш-чаранын социалдык тармактагы баракчасына жазып жатышат. Алардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар. Онлайн сатып алууга жооптуу болгон "Кызмат" мамлекеттик мекемеси айрым учурларда төлөмдү ырастоо системага кечигип түшкөндүктөн көйгөй жаралганын билдирди. Анын айынан сатып алуучунун эсебинен акча алынганы менен билет түзүлүп жетишпей калган. Мекеме электрондук билет түзүлбөй, бирок акча эсептен алынып калган учурда төлөм текшерилерин билдирди. Текшерүүдөн кийин акча тейлөөчү банк аркылуу автоматтык түрдө сатып алуучунун картасына же эсебине кайтарылат.
Россиянын инфраструктурасына жасалган чабуулдардан олуттуу кесепеттер жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди. Ал россиялык экономиканын өсүү темпине бир катар факторлор, анын ичинде тышкы басым менен өнөр жай жана инфраструктура объектилерине жасалган чабуулдар таасир этип жатканын белгиледи. "Экономикалык темпке бир катар факторлор, анын ичинде тышкы басым менен өнөр жай, инфраструктура объектилерине жасалган террордук чабуулдар таасирин тийгизип жатканы түшүнүктүү. Албетте, мындай чабуулдардан олуттуу кесепеттер жок, болгон да эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Бирок алар бизге зыян келтирип жатканы анык. Биз муну түшүнүп, көрүп жана билип турабыз", — деди Путин. Бул билдирүү Кремлде өткөн Стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор боюнча кеңештин жыйынында айтылды. Жыйын россиялык экономикадагы 2030-жылга чейинки түзүмдүк өзгөртүүлөр планын ишке ашырууга арналган.
Жаңылыктар түрмөгү
0