https://sputnik.kg/20260818/1103056508.html
Балдардын жайкы эс алуудагы коопсуздугу — кырсыктарды алдын алуу жана ата-энелердин жоопкерчилиги
Балдардын жайкы эс алуудагы коопсуздугу — кырсыктарды алдын алуу жана ата-энелердин жоопкерчилиги
Sputnik Кыргызстан
Жай мезгили — балдардын эс алып, ойноого жана убактысын көбүнчө үйдөн сыртта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алган учур. Бирок дал ушул мезгилде балдардын катышуусундагы... 18.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-18T17:04+0600
2026-08-18T17:04+0600
2026-08-18T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/12/1103056338_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7e5506d411fcf2812163879ba4af8339.jpg
Балдардын жайкы эс алуудагы коопсуздугу — кырсыктарды алдын алуу жана ата-энелердин жоопкерчилиги
Sputnik Кыргызстан
Жай мезгили — балдардын эс алып, ойноого жана убактысын көбүнчө үйдөн сыртта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алган учур. Бирок дал ушул мезгилде балдардын катышуусундагы ар кандай кырсыктардын коркунучу да жогорулайт. Сууга түшүү, жол кырсыктары, бийиктиктен кулап кетүү, күйүк, уулануу жана электр тогуна урунуу сыяктуу тобокелдиктер ата-энелерден өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Жакында Бишкек шаарында көчөдөгү арыкта ойноп жүргөн 9 жаштагы бала электр тогуна урунуп каза болгону коомчулукту катуу тынчсыздандырды. Бул окуя балдардын коопсуздугун камсыз кылууда ата-энелердин көзөмөлү менен катар шаардык инфраструктуранын жана тиешелүү кызматтардын жоопкерчилиги да маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, балдар кокустуктан болгон жаракаттарга өзгөчө аялуу топ болуп саналат. Сууга чөгүү, кулап кетүү жана күйүк сыяктуу кырсыктардын көпчүлүгүнүн тобокелдигин алдын алуу чаралары аркылуу азайтууга болот.
Андай болсо жайкы эс алуу маалында балдарды кандай коркунучтардан сактоо керек? Сууга түшүүдө, жолдо жүрүүдө жана оюн аянтчаларында кандай эрежелерди эске алуу зарыл? Электр зымдары, курулуш аймактары жана башка кооптуу объектилер боюнча ким жоопкерчилик тартат? Балдарга коопсуздук эрежелерин коркутпай, туура түшүндүрүүнүн кандай жолдору бар?
Ушул жана башка суроолорго бүгүнкү “Көз мончок ” программасында адистер менен биргеликте маек курдук.
Жай мезгили — балдардын эс алып, ойноого жана убактысын көбүнчө үйдөн сыртта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алган учур. Бирок дал ушул мезгилде балдардын катышуусундагы ар кандай кырсыктардын коркунучу да жогорулайт. Сууга түшүү, жол кырсыктары, бийиктиктен кулап кетүү, күйүк, уулануу жана электр тогуна урунуу сыяктуу тобокелдиктер ата-энелерден өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.Жакында Бишкек шаарында көчөдөгү арыкта ойноп жүргөн 9 жаштагы бала электр тогуна урунуп каза болгону коомчулукту катуу тынчсыздандырды. Бул окуя балдардын коопсуздугун камсыз кылууда ата-энелердин көзөмөлү менен катар шаардык инфраструктуранын жана тиешелүү кызматтардын жоопкерчилиги да маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү.Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, балдар кокустуктан болгон жаракаттарга өзгөчө аялуу топ болуп саналат. Сууга чөгүү, кулап кетүү жана күйүк сыяктуу кырсыктардын көпчүлүгүнүн тобокелдигин алдын алуу чаралары аркылуу азайтууга болот.Андай болсо жайкы эс алуу маалында балдарды кандай коркунучтардан сактоо керек? Сууга түшүүдө, жолдо жүрүүдө жана оюн аянтчаларында кандай эрежелерди эске алуу зарыл? Электр зымдары, курулуш аймактары жана башка кооптуу объектилер боюнча ким жоопкерчилик тартат? Балдарга коопсуздук эрежелерин коркутпай, туура түшүндүрүүнүн кандай жолдору бар?Ушул жана башка суроолорго бүгүнкү “Көз мончок ” программасында адистер менен биргеликте маек курдук.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/12/1103056338_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fccfdce0e0b8e04b8c905757f980b073.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Балдардын жайкы эс алуудагы коопсуздугу — кырсыктарды алдын алуу жана ата-энелердин жоопкерчилиги
17:04 18.08.2026 (Жаңыртылды: 17:16 18.08.2026) Коноктор
Талант Өмүрбеков, Бишкек шаардыкТез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы даарыгери, профессорТамирлан Сагынов, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын суучул-нускоочусу, прапорщик