00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Балдардын жайкы эс алуудагы коопсуздугу — кырсыктарды алдын алуу жана ата-энелердин жоопкерчилиги
17:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Новые технологии и цена ошибки: как меняется современная хирургия
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
12 мин
Стоп кадр
"Апам" тасмасы: адам тагдыры, эне-бала сүйүүсү жана кулчулуктун оор кесепети
19:13
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Будь в курсе
Электронная торговля в ЕАЭС: что нужно знать покупателям и бизнесу
20:08
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Ачык кеп
Салык мыйзамы жаңыланды: ишкерлер эмнени билиши керек?
21:11
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда абанын булганышына таасирин тийгизген температуралык инверсияга мониторинг жүргүзүлө баштайт. Бул Борбор Азиядагы алгачкы долбоор болуп саналат. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызгидрометке 1000 метрге чейинки бийиктиктеги абанын температурасын өлчөөгө жана инверсияны аныктоого мүмкүндүк берген заманбап метеорологиялык жабдууларды тапшырды. Жаңы жабдуу кырдаалды такай көзөмөлдөп турууга жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча “негизделген чечимдерди кабыл алуу” үчүн аба ырайынын булганууга тийгизген таасирин тагыраак аныктоого жардам берет.
Кыргызстан Кытайдын кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди жеңилдетүү чечимин кубаттады Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. Ал Кытайга визасыз баруунун жол-жобосун түшүндүрдү. Кытайга визасыз кирүү үчүн кыргызстандыктарда үчүнчү өлкө аркылуу кайтып келүүсүн ырастаган, мисалы, Шанхай — Алматы — Бишкек же Пекин — Ташкент — Ош сыяктуу авиабилет болушу керек. Кытайга кирүүдө өлкө белгилеген 65 өткөрмө пунктунун бирин пайдаланууга болот. Мындан тышкары, кыргызстандыктарга Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берилди.
Монополияга каршы кызмат эл арзан бензин алыш үчүн мамлекет 1 млрд сомдой каражатты субсидиялап бергенин айтты Мекеменин маалыматына караганда, социалдык суроо талап-жогору болгон АИ-92 бензини, солярка жана автогаздын реалдуу баасы башка. Ортодогу айырманы мамлекет күйүүчү май ташыгандарга кенемте кылып берип жатканы белгиленген. Мисалы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин чыныгы баасы 111-118 сом. Бирок сатыктагы баасы 87,9 сомдон болууда. Ортодогу 23,1-30,1 айырманы мамлекет берип жатат. Ушу убакка чейин кенемте үчүн бюджеттен 1 млрд сомдой төлөнгөнү айтылды.
Кыргызстан парда менен көшөгө экспортун эселеп көбөйттү Быйыл алты айда республика 558 миң чарчы метрден ашык парда, көшөгө жана алардын ламбрекендерин экспорттоду. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде болгону 3 миң чарчы метрдей гана сатылган. Негизги кардарлардын сап башында ЕАЭБдеги негизги өнөктөш – Россия турат. Бул өлкөгө 536 миң чарчы метр товар жөнөтүлгөн. Андан кийинки орунда турган Өзбекстан 22 миң чарчы метрден ашык көлөмдө алган. Мындан тышкары, Кыргызстандан өндүрүлгөн продукцияны сатып алгандардын катарында Италия жана Ирландия да бар.
АКШ аскерлери мунай ташуу үчүн Ормуз кысыгы аркылуу жашыруун деңиз коридорун түзүшкөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу Axios порталы АКШ администрациясындагы булактарына таянып кабарлады. “АКШнын аскерлери күн сайын миллиондогон баррель мунай ташуу үчүн Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүүчү коридор уюштурушту”, — деп айтылат макалада. Порталдын маалыматына караганда, бул операция акыркы эки айдан бери Омандын жээгин бойлой кеткен түштүк канал аркылуу ишке ашырылып келет. Схеманын алкагында күн сайын 15тен 20га чейин танкер Перс булуңуна кирип-чыгып, дүйнөлүк базарга орто эсеп менен суткасына 10 миллионго жакын баррель мунай жеткирип жатканы айтылууда. Бул согушка чейинки көлөмдүн дээрлик жарымын түзөт, ал эми айрым күндөрү көрсөткүчтөр 15-20 миллион баррелге чейин жетиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0