https://sputnik.kg/20260820/1103096753.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү "Гласс борбор" ишканасын август айынын аягында ишке киргизүү пландалууда. Экономика жана коммерция министрлигинен... 20.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-20T17:00+0600
2026-08-20T17:00+0600
2026-08-20T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103096587_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3f18720d99b3ed745a2021063c520eb0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү "Гласс борбор" ишканасын август айынын аягында ишке киргизүү пландалууда. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлүп, айына 12 миң чарчы метр, ал эми жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукция өндүрүү күтүлүүдө. Өндүрүштө айнек пакеттер жана жарыкты чагылдыруучу айнектер чыгарылат. "Долбоор ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылууга, импорттук материалдарга болгон көз карандылыкты азайтууга жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта. Жаңы ишкананын ишке кириши менен 300 адам жумуш менен камсыздалып, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө шарт түзүлөт.
Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан мектептердин фасады мындан ары заманбап материалдар менен жасалып, ичине лифт коюлат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, учурда жаңы мектептерди курууда заманбап ыкмалар колдонулуп, сапатка, ыңгайлуу шартка, коопсуздукка жана өзгөчө архитектурага көңүл бурулуп жатат. "Сырткы көрүнүшүнө талап күчөтүлдү. Кадимки ак шыбактын ордуна сапаттуу жана заманбап фасаддык материалдар колдонулат. Президенттин тапшырмасы менен быйыл курулуп жаткан 36 мектеп ушундай талаптарга жооп берет", — деди министр. Ал ошондой эле окуу жайларга лифт коюларын, заманбап эмеректер менен жабдыларын кошумчалады.
Бишкек шаарында электр тармактарын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти. Батыш РЭТинин кызматкерлери Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №149 трансформатордук көмөк чордонун модернизациялап, эски жабдуунун ордуна заманбап комплекттүү трансформатордук көмөкчордон орнотушту. Модернизация электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык кырдаалдардын тобокелдигин азайтууга жана электр энергиясына жүктөм көбөйгөн күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу камсыздоого шарт түзөт.
Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда аппараттык кеңешме өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары да катышты. Кеңешмеде чет өлкөлөрдүн президенттеринин Кыргызстанга расмий иш сапарлары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды. Ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык кастыкты козутууга түрткү болгон мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык даярдыгын жана ыкчам аракеттенүүсүн камсыздоо боюнча маселелер талкууланды. Министр тиешелүү жетекчилерге алдыдагы иш-чараларды жогорку деңгээлде жана коопсуз өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Иш-чаралар өтө турган аймактарда профилактикалык иштерди күчөтүп, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайларга ыкчам чара көрүү талап кылынды.
Камерунда алтын казган кенде жер көчүп, 107 киши каза тапкан ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсык өлкөнүн чыгышындагы Замбуа деген кыштакта болгон. Учурда көчкөн топуракты тазалап жатышат. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда.
Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү "Гласс борбор" ишканасын август айынын аягында ишке киргизүү пландалууда. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлүп, айына 12 миң чарчы метр, ал эми жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукция өндүрүү күтүлүүдө. Өндүрүштө айнек пакеттер жана жарыкты чагылдыруучу айнектер чыгарылат. "Долбоор ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылууга, импорттук материалдарга болгон көз карандылыкты азайтууга жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта. Жаңы ишкананын ишке кириши менен 300 адам жумуш менен камсыздалып, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө шарт түзүлөт.Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан мектептердин фасады мындан ары заманбап материалдар менен жасалып, ичине лифт коюлат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, учурда жаңы мектептерди курууда заманбап ыкмалар колдонулуп, сапатка, ыңгайлуу шартка, коопсуздукка жана өзгөчө архитектурага көңүл бурулуп жатат. "Сырткы көрүнүшүнө талап күчөтүлдү. Кадимки ак шыбактын ордуна сапаттуу жана заманбап фасаддык материалдар колдонулат. Президенттин тапшырмасы менен быйыл курулуп жаткан 36 мектеп ушундай талаптарга жооп берет", — деди министр. Ал ошондой эле окуу жайларга лифт коюларын, заманбап эмеректер менен жабдыларын кошумчалады.Бишкек шаарында электр тармактарын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти. Батыш РЭТинин кызматкерлери Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №149 трансформатордук көмөк чордонун модернизациялап, эски жабдуунун ордуна заманбап комплекттүү трансформатордук көмөкчордон орнотушту. Модернизация электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык кырдаалдардын тобокелдигин азайтууга жана электр энергиясына жүктөм көбөйгөн күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу камсыздоого шарт түзөт.Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда аппараттык кеңешме өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары да катышты. Кеңешмеде чет өлкөлөрдүн президенттеринин Кыргызстанга расмий иш сапарлары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды. Ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык кастыкты козутууга түрткү болгон мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык даярдыгын жана ыкчам аракеттенүүсүн камсыздоо боюнча маселелер талкууланды. Министр тиешелүү жетекчилерге алдыдагы иш-чараларды жогорку деңгээлде жана коопсуз өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Иш-чаралар өтө турган аймактарда профилактикалык иштерди күчөтүп, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайларга ыкчам чара көрүү талап кылынды. Камерунда алтын казган кенде жер көчүп, 107 киши каза тапкан ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсык өлкөнүн чыгышындагы Замбуа деген кыштакта болгон. Учурда көчкөн топуракты тазалап жатышат. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103096587_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_799c1102fd3169ab0eabb5a5211c8702.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио