https://sputnik.kg/20260820/1103098304.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы социалдык жана жол инфраструктурасынын объектилериндеги оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди... 20.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-20T19:00+0600
2026-08-20T19:00+0600
2026-08-20T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103098138_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_57a7f89285b7631331773daec090cb9a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы социалдык жана жол инфраструктурасынын объектилериндеги оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Муниципалитеттен билдиришкендей, көчмө жыйындын жүрүшүндө мэр Айни көчөсү, 13 дарегинде жайгашкан №69 орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объектте демонтаждоо иштери аяктап, учурда шыбак иштерине, имараттын фасадын оңдоого жана электр менен камсыздоо системасын монтаждоого көңүл бурулууда. Долбоор ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнү жана спорт аянтчасын курууну камтыйт. Ошондой эле борбор калаанын жетекчиси №56 орто мектептин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери, фасадын оңдоо жана жаңылоо, ошондой эле мектепке караштуу аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.
Кыргызстанда президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышкан күн камсыздандыруу стажына эсептелет. Министрлер кабинети ушул шарт каралган, пенсия дайындоо жана кайра эсептөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, Социалдык фонд шайлоочунун добуш берүүгө катышкандыгы тууралуу маалыматты "Түндүктөн" автоматтык түрдө алат. Эгер система иштебей калса, маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынан суралат. Тагыраагы, жарандан бул маалыматты өз алдынча алып келип берүү талап кылынбайт. Эске салсак, президенттик шайлоо 27-январда, шаршемби күнү өтөт. Бул күн добуш берген жарандар үчүн эмгек акысы сакталган дем алыш болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй жана Ысык-Көл облустарында тоо башындагы жырылып кетүү коркунучу бар 16 көлдү тик учак менен текшерди. Адистер Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосунун түндүк жана түштүк ыптасындагы көлдөрдү жана суу агып чыгуучу каналдардын абалын көрүп, Чок-Тал-1, Кашка-Суу, Чок-Тал-2 жана Бостери көлдөрү кооптуу экенин аныкташкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен өтө кооптуу делген көлдөр тууралуу маалымат жергиликтүү бийлик органдарына жана ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнө берилет.
Бишкектеги "Вефа" соода борборунун 3-кабатынан кулаган баланын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, бөбөк кечээ жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылган. "Дагы деле жандандыруу бөлүмүндө. Бала эсине келе элек. Абалы оор, бирок туруктуу", — деди дарыгер. Эске салсак, кырсык 11-августта болгон. Окуядан кийин бөбөк №3 Балдар ооруканасына жеткирилген. Милиция факт боюнча териштирүү иштерин баштаган.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы социалдык жана жол инфраструктурасынын объектилериндеги оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Муниципалитеттен билдиришкендей, көчмө жыйындын жүрүшүндө мэр Айни көчөсү, 13 дарегинде жайгашкан №69 орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объектте демонтаждоо иштери аяктап, учурда шыбак иштерине, имараттын фасадын оңдоого жана электр менен камсыздоо системасын монтаждоого көңүл бурулууда. Долбоор ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнү жана спорт аянтчасын курууну камтыйт. Ошондой эле борбор калаанын жетекчиси №56 орто мектептин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери, фасадын оңдоо жана жаңылоо, ошондой эле мектепке караштуу аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Кыргызстанда президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышкан күн камсыздандыруу стажына эсептелет. Министрлер кабинети ушул шарт каралган, пенсия дайындоо жана кайра эсептөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, Социалдык фонд шайлоочунун добуш берүүгө катышкандыгы тууралуу маалыматты "Түндүктөн" автоматтык түрдө алат. Эгер система иштебей калса, маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынан суралат. Тагыраагы, жарандан бул маалыматты өз алдынча алып келип берүү талап кылынбайт. Эске салсак, президенттик шайлоо 27-январда, шаршемби күнү өтөт. Бул күн добуш берген жарандар үчүн эмгек акысы сакталган дем алыш болот.Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй жана Ысык-Көл облустарында тоо башындагы жырылып кетүү коркунучу бар 16 көлдү тик учак менен текшерди. Адистер Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосунун түндүк жана түштүк ыптасындагы көлдөрдү жана суу агып чыгуучу каналдардын абалын көрүп, Чок-Тал-1, Кашка-Суу, Чок-Тал-2 жана Бостери көлдөрү кооптуу экенин аныкташкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен өтө кооптуу делген көлдөр тууралуу маалымат жергиликтүү бийлик органдарына жана ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнө берилет.Бишкектеги "Вефа" соода борборунун 3-кабатынан кулаган баланын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, бөбөк кечээ жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылган. "Дагы деле жандандыруу бөлүмүндө. Бала эсине келе элек. Абалы оор, бирок туруктуу", — деди дарыгер. Эске салсак, кырсык 11-августта болгон. Окуядан кийин бөбөк №3 Балдар ооруканасына жеткирилген. Милиция факт боюнча териштирүү иштерин баштаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103098138_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_03f98ebac001f8ec5b3c0197e51d83e6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио