https://sputnik.kg/20260818/1103058995.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытай менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан (СУАР) күйүүчү-майлоочу майды тездик менен жеткирүүнү макулдашты. Тийиштүү келишимге минкаб... 18.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-18T18:59+0600
2026-08-18T18:59+0600
2026-08-18T19:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/12/1103058829_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_686890e0b2c8a6eea2c84c7a4cce37c9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытай менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан (СУАР) күйүүчү-майлоочу майды тездик менен жеткирүүнү макулдашты. Тийиштүү келишимге минкаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков менен Кытай Компартиясынын СУАР боюнча комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзяндын жолугушуусунда жетишилди. Акунбеков Кытайга болгон сапарынын башкы максаты эки өлкөнүн ишкерлерин түздөн-түз байланыштырып, Кыргызстанга күйүүчү майды тезирээк жеткирүү экенин белгиледи.Тараптар ошондой эле Кыргызстандагы мунай жана газ кендерин чалгындоо, өздөштүрүү, мунай иштетүүчү заводдорду куруу жана чек арадагы өткөрүү пунктуларында жүктөрдү сактоо, транзит жана кайра жүктөө үчүн инфраструктура түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду карашты. Чэнь Сяоцзян кытай тарап СУАР аркылуу Кыргызстан менен соода байланышын мындан ары да өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүнү жеңилдетүү жана тездетүүнү макулдашты.
Өлкөдө электрондук кызмат көрсөтүп, бирок салыктык каттоодон өтпөгөн 11 чет элдик компания аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалымдалгандай, алардын арасында Alibaba, Pinduoduo, Microsoft, Twitch, Valve, Sony Interactive, Epic Games, Electronic Arts, VK, Telegram жана Dropbox сыяктуу ири компаниялар бар. 2024–2025-жылдары бул компанияларга Кыргызстандан 15,9 миллион жолу акча которулуп, жалпы сумма 13,2 миллиард сомдон ашкан. Анын 8,89 миллиард сому Pinduoduo, 2,83 миллиард сому Alibaba, 1,01 миллиард сому Microsoft компаниясына туура келет. Салык кызматы аталган компанияларга бир нече жолу кат жөнөтүп, жооп ала алган эмес. Алар салыктык каттоодон өтпөсө өлкөдөгү иши чектелиши мүмкүн. Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн 73 чет элдик компания салыктык каттоодон өткөн.
Өлкөдө күйүүчү майдын кору 1-1,5 айга жетери айтылды Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдө 1-1,5 айга жеткидей күйүүчү майдын кору бар экенин билдирди. Мекеменин Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов рыноктогу абалды туруктуу деп баалап, нефтетрейдерлер Беларустан, Кытайдан жана Түркмөнстандан күйүүчү май ташып келип жатканын айтты.
Америкалык демократ-сенатор Тим Кейн АКШнын Оманга чабуул коюшуна тыюу салган резолюция киргизүү ниетинде. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кейн документти сенаторлор жайкы эс алуудан келгенден кийин кароого киргизип, республикачылар колдойт деген ишенимде турат. Мындай билдирүүгө АКШнын президенти Дональд Трамптын Оманга чабуул коюлушу мүмкүн деген билдирүүсү себеп болгон. Ак үйдүн кожоюну мындай кадам эгерде аталган өлкө Ормуз кысыгына Американын көзөмөл кылышына каршы чыкса жасаларын айткан эле. Сенатор Оман Вашингтондун дипломатииялык өнөктөшү деп атап, эркин соода жүгүртүү боюнча макулдашууну эске салды. Султанатка каршы ок-дарыларды жумшоо АКШнын геос
Кыргызстан Кытай менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан (СУАР) күйүүчү-майлоочу майды тездик менен жеткирүүнү макулдашты. Тийиштүү келишимге минкаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков менен Кытай Компартиясынын СУАР боюнча комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзяндын жолугушуусунда жетишилди. Акунбеков Кытайга болгон сапарынын башкы максаты эки өлкөнүн ишкерлерин түздөн-түз байланыштырып, Кыргызстанга күйүүчү майды тезирээк жеткирүү экенин белгиледи.Тараптар ошондой эле Кыргызстандагы мунай жана газ кендерин чалгындоо, өздөштүрүү, мунай иштетүүчү заводдорду куруу жана чек арадагы өткөрүү пунктуларында жүктөрдү сактоо, транзит жана кайра жүктөө үчүн инфраструктура түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду карашты. Чэнь Сяоцзян кытай тарап СУАР аркылуу Кыргызстан менен соода байланышын мындан ары да өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүнү жеңилдетүү жана тездетүүнү макулдашты. Өлкөдө электрондук кызмат көрсөтүп, бирок салыктык каттоодон өтпөгөн 11 чет элдик компания аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалымдалгандай, алардын арасында Alibaba, Pinduoduo, Microsoft, Twitch, Valve, Sony Interactive, Epic Games, Electronic Arts, VK, Telegram жана Dropbox сыяктуу ири компаниялар бар. 2024–2025-жылдары бул компанияларга Кыргызстандан 15,9 миллион жолу акча которулуп, жалпы сумма 13,2 миллиард сомдон ашкан. Анын 8,89 миллиард сому Pinduoduo, 2,83 миллиард сому Alibaba, 1,01 миллиард сому Microsoft компаниясына туура келет. Салык кызматы аталган компанияларга бир нече жолу кат жөнөтүп, жооп ала алган эмес. Алар салыктык каттоодон өтпөсө өлкөдөгү иши чектелиши мүмкүн. Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн 73 чет элдик компания салыктык каттоодон өткөн. Өлкөдө күйүүчү майдын кору 1-1,5 айга жетери айтылды Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдө 1-1,5 айга жеткидей күйүүчү майдын кору бар экенин билдирди. Мекеменин Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов рыноктогу абалды туруктуу деп баалап, нефтетрейдерлер Беларустан, Кытайдан жана Түркмөнстандан күйүүчү май ташып келип жатканын айтты.Америкалык демократ-сенатор Тим Кейн АКШнын Оманга чабуул коюшуна тыюу салган резолюция киргизүү ниетинде. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кейн документти сенаторлор жайкы эс алуудан келгенден кийин кароого киргизип, республикачылар колдойт деген ишенимде турат. Мындай билдирүүгө АКШнын президенти Дональд Трамптын Оманга чабуул коюлушу мүмкүн деген билдирүүсү себеп болгон. Ак үйдүн кожоюну мындай кадам эгерде аталган өлкө Ормуз кысыгына Американын көзөмөл кылышына каршы чыкса жасаларын айткан эле. Сенатор Оман Вашингтондун дипломатииялык өнөктөшү деп атап, эркин соода жүгүртүү боюнча макулдашууну эске салды. Султанатка каршы ок-дарыларды жумшоо АКШнын геос
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/12/1103058829_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f73a0b28f98d4618fdbc996a784e0135.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио