https://sputnik.kg/20260811/dron-chabuulu-nizhnekamski-kyrgyzstandyktar-zhok-1102922620.html
ТИМ: Нижнекамскидеги дрон чабуулунан каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок
ТИМ: Нижнекамскидеги дрон чабуулунан каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда, Нижнекамскидеги дрондордун массалык чабуулунан каза болгондор жана жабыркагандар арасында... 11.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-11T15:36+0600
2026-08-11T15:36+0600
2026-08-11T15:36+0600
россия
кыргызстан
дрон
чабуул
өлүм
тим
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/10/1098619418_0:1:3637:2047_1920x0_80_0_0_2ff61b3d9f392eb54048e0fdf6867699.jpg
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда, Нижнекамскидеги дрондордун массалык чабуулунан каза болгондор жана жабыркагандар арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен 13 киши каза болуп, дагы 39 адам жаракат алган. Маалыматтар дагы да такталууда. Күн мурун РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украина Куралдуу күчтөрүнүн 10-августта Нижнекамскиге жасаган соккусунан Өзбекстандын сегиз жана Тажикстандын бир жараны каза болгонун, 20га чукул чет өлкөлүк жаран жаракат алганын кабарлаган. Сокку өндүрүштүк объектилерге да, жарандык имараттарга да тийген. Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун арасында бир бала бар. Медициналык жардам сурап 78 адам кайрылып, алардын 25и ооруканага жаткырылган. Татарстанда аза күтүү жарыяланды. Россиянын Тергөө комитети теракт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
https://sputnik.kg/20260730/penzadagy-wildberries-kampasy-dron-chabuuluna-kabyldy-1102684965.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/10/1098619418_453:0:3184:2048_1920x0_80_0_0_20c8fb325494dc035211e7739ec5e106.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, кыргызстан, дрон, чабуул, өлүм, тим
россия, кыргызстан, дрон, чабуул, өлүм, тим
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда, Нижнекамскидеги дрондордун массалык чабуулунан каза болгондор жана жабыркагандар арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен 13 киши каза болуп, дагы 39 адам жаракат алган.
"Кыргызстандын Казандагы Башкы консулдугу каза болгондордун жана жабыркагандардын жарандыгы тууралуу маалыматтарды тактоо үчүн Татарстандын жана Россиянын компетенттүү органдары менен байланышта турат", — деп белгилешти ТИМден.
Маалыматтар дагы да такталууда.
Күн мурун РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украина Куралдуу күчтөрүнүн 10-августта Нижнекамскиге жасаган соккусунан Өзбекстандын сегиз жана Тажикстандын бир жараны каза болгонун, 20га чукул чет өлкөлүк жаран жаракат алганын кабарлаган. Сокку өндүрүштүк объектилерге да, жарандык имараттарга да тийген. Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун арасында бир бала бар. Медициналык жардам сурап 78 адам кайрылып, алардын 25и ооруканага жаткырылган. Татарстанда аза күтүү жарыяланды. Россиянын Тергөө комитети теракт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.