Орунтаев Караколдогу спорттук шаарчанын курулушун текшерди. Долбоордун эскиздери
Орунтаев Караколдогу спорттук шаарчанын курулушун текшерди. Долбоордун эскиздери
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтка спорттук шаарча курулууда. Иштин жүрүшүн курулуш, архитектура жана... 10.08.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтка спорттук шаарча курулууда. Иштин жүрүшүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев текшергенин маалымат кызматы кабарлады. Долбоорго ылайык, спорттук шаарчанын аймагында 275 орундуу спорттук интернат, беш миң көрүүчүгө ылайыкталган эл аралык стандарттагы көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.Учурда курулуш аянтында пайдубалдарды куюу жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүрүп жатат. Бассейн курула турган жерде жер казуу иштери башталган. Министр курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү жана курулуш нормалары менен техникалык талаптарды так сактоону тапшырды.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтка спорттук шаарча курулууда. Иштин жүрүшүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев текшергенин маалымат кызматы кабарлады.
Долбоорго ылайык, спорттук шаарчанын аймагында 275 орундуу спорттук интернат, беш миң көрүүчүгө ылайыкталган эл аралык стандарттагы көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.
Учурда курулуш аянтында пайдубалдарды куюу жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүрүп жатат
Учурда курулуш аянтында пайдубалдарды куюу жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүрүп жатат. Бассейн курула турган жерде жер казуу иштери башталган.
Министр курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү жана курулуш нормалары менен техникалык талаптарды так сактоону тапшырды.