00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Мониторингден айып пулга чейин: социалдык маанидеги товарлардын баасы кандай жөнгө салынат?
13:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы инженердик иштер менен таанышты Улуу Британиядагы элчиси Украина эч качан НАТОго кирбей тургандыгын айттыМамлекеттик карыздын ички дун продукцияга карата көлөмү 42%ды түзөт
Кыргызстандын Кытай алдындагы карызынын үлүшү кыйла азайганы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Кыргызстандын Кытайга карызы 1 млрд 900 млн долларга жеткен болсо, учурда бул көрсөткүч 1 млрд 400 млн долларга чейин кыскарды. Адылбек Касымалиев мыйзамга ылайык мамлекеттик карыздын ИДПга карата көлөмү 60 пайыздан ашпашы керектигин, бирок президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мындан да катаал чектөө белгиленгенин айтты. Ага ылайык, мамлекеттик карыз 50 пайыздан ашпоого тийиш.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана депутат Чынгыз Ажибаев Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы инженердик курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, парламент өкүлдөрү чек араны бекемдөө мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, курулуш иштерине катышып жаткан аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти. Иш сапардын алкагында Ак-Суу айылындагы инженердик жумушчу топтордун мүчөлөрүнө Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Жол куруудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 171 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттын пайдаланылышын текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Маалыматта белгиленгендей, жол тармагындагы бир катар мамлекеттик ишканалар квалификациялык талаптарга жооп бербеген компанияны субподрядчы катары тартып, мыйзамда каралган кепилдиктер жана аткарылган иштерди ырастоочу документтер жок болсо да ага бюджеттик каражаттарды которушкан. Натыйжада каражаттар максатсыз пайдаланылган. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү" беренелери менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Украина эч качан Түндүк атлантикалык альянска мүчө болбойт деди Украина Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы кол башчысы жана Улуу Британиядагы элчиси Валерий Залужный Киевдеги элчилердин жалпы кеңешмесинде. 2022-жылдын сентябрь айынын аягында Владимир Зеленский Украинанын блоктон орун алышы үчүн ылдамдатылган тартипте арыз берилгенин кабарлаган. Ошол эле учурда НАТОнун ал кездеги баш катчысы Йенс Столтенберг куралдуу кагылышуу маалында өлкөнүн альянска толук кандуу мүчө болушу мүмкүн эместигин баса белгилеген. Февралдын аягында АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен болгон кездешүүдө Киевде НАТОго мүчөлүк болбой турганын айткан. Буга чейин да ал Украина мындай келечекти унутса болот деген. Америкалык лидердин пикиринде, дал ушул альянска кошулуу умтулуусу өлкөнү аскердик кагылышууга алып келген. Владимир Путин Украинанын НАТОго ыктымалдуу мүчөлүгү Россиянын коопсуздугуна коркунуч экенин бир эмес, бир нече ирет белгилеген. Ал Киевдин аскердик блокко кирип кетүү тобокелчиликтери атайын операциянын башталышына негизги себептердин бири болгонун айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0