https://sputnik.kg/20260804/1102789728.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кышта электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн деген кооптонууларга түшүндүрмө берди.Анын айтымында... 04.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-04T19:00+0600
2026-08-04T19:00+0600
2026-08-04T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/04/1102789562_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_55d3fd739556f9085909e9de1db10657.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кышта электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн деген кооптонууларга түшүндүрмө берди.Анын айтымында, өлкөдө экономика өсүп, ага жараша электр энергиясын керектөө да көбөйдү.Касымалиев быйылкы жай абдан ысык болуп, эл кондиционерлерди көп колдонгонун белгиледи. Ошондой эле абанын температурасы жогору болгондо электр зымдарынын өткөрүмдүүлүгү да төмөндөйт.Минкаб башчысы Япониянын тажрыйбасы сыяктуу Кыргызстанда да аткаминерлерге жумушта пиджаксыз жана галстуксуз отурууга уруксат берилгенин, бул кондиционерлерди азыраак колдонууга мүмкүнчүлүк түзөрүн эскертти.
Wildberries компаниясы 2027-жылдын биринчи чейрегинде Астана жана Алматы шаарларында жалпы аянты 260 миң чарчы метрден ашкан чоң кампа комплекстерин ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирди.Анын айтымында, учурда Алматы шаарындагы 160 миң чарчы метрлик аянтта курулуш иштери жигердүү жүрүп жатат. Ал эми Астанада Wildberries филиалын кеңейтүү үчүн болжол менен 100 миң чарчы метр жер бөлүү пландалууда. Казакстан өкмөтүнүн маалыматына караганда, бул долбоорго жумшала турган инвестициянын жалпы көлөмү 47,7 миллиард теңгени түзөт.Шаккалиев кошумчалагандай, компания азырынча Казакстандын бийлигине өлкө аймагында кошумча кампаларды ачуу өтүнүчү менен кайрыла элек.
Салык кызматы мүлк салыгын төлөө мөөнөтү бүтөрүнө аз калганын эскертти Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Ага ылайык, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөп жетишүү керек:ишкердик ишмердүүлүк үчүн пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн салык; үй жанындагы короо-жай жана бак-чарба жер тилкелери үчүн салык. Төлөнө турган салыктын суммасы тууралуу маалымат салык төлөөчүнүн кабинетинде жайгаштырылган. Ал жерден төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты дароо төлөөгө болот.Мекеме салык өз убагында төлөнбөсө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,09 пайыз өлчөмүндө туум эсептелерин эскертет.
Франциядан Европарламенттин мурдагы депутаты Филипп де Вилье Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Россия менен согуштун күчөшүнө кызыкдар экенин билдирди. Ал мындай пикирин француздардын "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппого берген маегинде айтканын РИА Новости жазды. Де Вильенин айтымында, мындай саясаттын үч себеби бар. Ал Макрон президенттик шайлоонун алдында өзүнүн саясий позициясын бекемдөөгө, коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктарды Евробиримдиктин деңгээлине өткөрүп, интеграцияны тереңдетүүгө жана Франциядагы ички көйгөйлөрдөн, анын ичинде радикалдык исламизм маселесинен коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурууга аракет кылып жатат деп эсептейт.
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кышта электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн деген кооптонууларга түшүндүрмө берди.Анын айтымында, өлкөдө экономика өсүп, ага жараша электр энергиясын керектөө да көбөйдү.Касымалиев быйылкы жай абдан ысык болуп, эл кондиционерлерди көп колдонгонун белгиледи. Ошондой эле абанын температурасы жогору болгондо электр зымдарынын өткөрүмдүүлүгү да төмөндөйт.Минкаб башчысы Япониянын тажрыйбасы сыяктуу Кыргызстанда да аткаминерлерге жумушта пиджаксыз жана галстуксуз отурууга уруксат берилгенин, бул кондиционерлерди азыраак колдонууга мүмкүнчүлүк түзөрүн эскертти. Wildberries компаниясы 2027-жылдын биринчи чейрегинде Астана жана Алматы шаарларында жалпы аянты 260 миң чарчы метрден ашкан чоң кампа комплекстерин ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирди.Анын айтымында, учурда Алматы шаарындагы 160 миң чарчы метрлик аянтта курулуш иштери жигердүү жүрүп жатат. Ал эми Астанада Wildberries филиалын кеңейтүү үчүн болжол менен 100 миң чарчы метр жер бөлүү пландалууда. Казакстан өкмөтүнүн маалыматына караганда, бул долбоорго жумшала турган инвестициянын жалпы көлөмү 47,7 миллиард теңгени түзөт.Шаккалиев кошумчалагандай, компания азырынча Казакстандын бийлигине өлкө аймагында кошумча кампаларды ачуу өтүнүчү менен кайрыла элек. Салык кызматы мүлк салыгын төлөө мөөнөтү бүтөрүнө аз калганын эскертти Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Ага ылайык, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөп жетишүү керек:ишкердик ишмердүүлүк үчүн пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн салык; үй жанындагы короо-жай жана бак-чарба жер тилкелери үчүн салык. Төлөнө турган салыктын суммасы тууралуу маалымат салык төлөөчүнүн кабинетинде жайгаштырылган. Ал жерден төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты дароо төлөөгө болот.Мекеме салык өз убагында төлөнбөсө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,09 пайыз өлчөмүндө туум эсептелерин эскертет. Франциядан Европарламенттин мурдагы депутаты Филипп де Вилье Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Россия менен согуштун күчөшүнө кызыкдар экенин билдирди. Ал мындай пикирин француздардын "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппого берген маегинде айтканын РИА Новости жазды. Де Вильенин айтымында, мындай саясаттын үч себеби бар. Ал Макрон президенттик шайлоонун алдында өзүнүн саясий позициясын бекемдөөгө, коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктарды Евробиримдиктин деңгээлине өткөрүп, интеграцияны тереңдетүүгө жана Франциядагы ички көйгөйлөрдөн, анын ичинде радикалдык исламизм маселесинен коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурууга аракет кылып жатат деп эсептейт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/04/1102789562_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f0d92743f26ea4d25ef849eb67e0f45d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио